“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Топ ойногонго каалоо гана жетиштүү

20 Июль 2023 жыл 20:17
Көрүүлөрдүн саны: 148

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 4 жылдан бери кызыктуу таймаштар өткөрүлүп келет. Оюндун уюштуруучусу Аза Тилекматова.

Волейбол оюнун сүйүүчүлөргө бош спорт зал табылса эле болду. Кечкисин ойногонду шарт кылып алышкан. Оюнду уюштуруучу Аза Тилекматова Куланак айылындагы Т.Жумакаева атындагы маданият үйүнүн башчысы.

Оюндун аягында дайыма сыйлоо барактары жана акчалай сыйлыктар күтүп турат. Топ сүйүүчүлөр бул жагына демөөрчүлөрдү табышат же ортого акча коюп деле ойной беришет. Коңшу Достук айылынан 3 команда менен дайыма кызыктуу таймаш өткөрүп турушат. Эгер коңшу айылдарда чакыруулар болсо ойноп келгенге, кызматташууга даяр экендерин баса белгилешет.

Уюштуруучу Аза Тилекматова  оюнчуларга жана колдоо көрсөткөн айыл тургундарына терең ыраазычылыгын билдирет.

«Командада үй кожейкелеринен тартып, мекеме кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин айымдары, мектептин мугалимдеринен  да  бар. Башта ойногондо оюн бир айлампага чейин ойнолотко дегем. Жок андай болгон. Айымдардын калоосу жана кызыгуусу көп жылдык кызматташууга өттү» — дейт

Жанетте Ырсалиева