“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл аймагы: Таштандылар айына үч жолу чыгарылат

20 Июль 2023 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны: 98

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында “Жашыл Учкун” муниципалдык ишканасы  түзүлүп, 8 тургун кызмат менен камсыз болду.

Учкун айыл өкмөтүндө апрель айынан бери “Жашыл Учкун» муниципалдык ишканасы иш алып бара баштады. Бул ишкана 3 тармакты карайт: жайыт, тазалык, таза суу тармактары.

Тазалык тармагы Учкун жана Куланак айылдарында тазалык иштерин 10 күн аралыгында 1 таштанды чогултушат. Ар бир адамга 15 сомдон чогултууну жергиликтүү кеңеш бекитип берген. Тариф атайын адистер тарабынан айылдын жашоо шартына карап бекиген. Чогулган акча тазалоо иштерине, күйүүчү майга жана акы маянасы төлөнөт.

«Таштандылар атайын каптарга чогултулат. Үйдүн курулушунан чыккан таштандылар гана чыгарылбайт. Калган таштандынын баардык түрлөрү чыгарылат» — дейт жетекчиси Аксуубай Орозбеков.

https://youtube.com/shorts/v-aL5oMk-BM?feature=share

Жакшы шарттар түзүлүп  жатканы элди кубандырганы менен атайын таштандыны кайра иштетүү же болбосо  сорттоп тазалоо иштери колго алына элек. Бул иштер да жакынкы арада ишке ашарына айыл элинин үмүтү чоң.

Сагын Абдыраимова