“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Эгин эккен пайдалуубу

22 Июль 2023 жыл 23:13
Көрүүлөрдүн саны: 94

Нарын району тоолу өрөөн болгондуктан ар бир айылдын климаты, аба ырайы ар кандай. Мисалы кээ бир айылдарына эгин бышып, чөптөрү 2 ирет чабылса, кээ бир айылдарында эгин бышпайт жана чөп бир ирет гана чабылат.

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Талантбек Орозакунов фермерлик жана дыйканчылык менен эмгектенип келет. Үй – бүлөсүнө жана өзүнө үлүшкө тийген жерлерге эгин жана көп жылдык чөптөрдү (тоют) эгет. Үлүшкө 3,15 Га жер тийген. Аларды которуштуруп айдап, кык сээп турат. Антпесе жакшы түшүм ала албасын билет.

“Мен негизи чөп сатпайм. Бирок кирешелүү экенин билем. Былтыркы жылы 3,15 Га жерден биринчи чабыкта 1100 боо чөп алгам. Экинчиде 600 боо түштү. Быйылкы 1 чабыкта 900 боо алдым. Жылдагыдай эле кам көрдүм, бирок мен деле элдин баары эле аз чөп алышты”.

Айыл эли эгин айдоо кооптуу деп эсептешип, көпчүлүк айыл тургундары чөп гана айдашат. Эгинди атайын тоют катары эле аз өлчөмдө, чоң чарбасы бар дыйкан фермерлер гана эгишет.
“Мен кылкандуу эгинди 2 жылда 1 эгем. Себеби 1 жылкы алган түшүмүм үй бүлөмө 2 жылга жетет. 1 га жерден 2 тонна таза буудай алам. Арпаны да 2 жылда 1 айдайм. Ал дагы малга тоют катары 2 жылга жетет”.

Өз кесиби боюнча агроном Керимкул Мамбетов төмөндөгүлөргө токтолду.
Эгерде Куланактын шартында 1га айдасак орточо 20, 25 центнер эле түшүм алып калып жатат. Эчтеке жер семирткичтерди колдонбой туруп, эгер жакшы жер семирткичтерди өзүнүн нормасы менен бере турган болсок 40, 45 центнерден түшүм алынмак.
Тоют чөптөрүнө эч кандай минералдык заттарды колдонбой, 1 Га жерден 200, 300 боо алынып жатат. Жерге минаралдык заттарды өз убагы менен бере турган болсок, 1 га жерден 600 дөн 700 боого чейин тоют алынмак. Кээ бирлери кык чачып, минералдык, органикалык заттарды колдонгондор 600 боого чейин алышы күтүлөт. Былтыркы жылдары түшүм жакшы болуп алышкан.

Нарын районунун шартын да кандай түшүм алса болорун, Куланак айылында карап көрөбүз.
Алгач биз дан эгиндеринин чыгымын жана кирешесин эсептеп көрөлү:

Айзат Түмөнбаева