“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Кыяндын кесепети

30 Июль 2023 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны: 334

Нөшөрлөп жааган жамгырдан Нарын районуна краштуу Куланак айылын сел каптады. Окуя 21 – июлда кечки саат 19:30 дар чамасында болгон.

Куланак айылы түштүктөн тоолор курчаса, түндүктөн Нарын дарыясы агат. Айылга 4 коктудан суу түшүп турат. Катуу жааган жаандан Кур-Жылга коктусунан түшкөн кыян суулары селден коргоочу каналга курулган көпүрөдөн ташып, айылдагы Совет көчөсүндө жайгашкан жалпы 16 турак үйдү сел суулары каптап, анын ичинен 6 турак үйлөрдүн ичине кыян суулары кирген.

 

Совет көчөсүнүн тургуну Болот  Кадыралиев бул аймактан 2021 жылы там куруу үчүн жер алган. Былтыр фундаментин куюп коюп, быйыл тамды көтөрүп баштаган. Курулуш болуп жаткан жерге боз үй тигип алып там тургузуп жаткан айыл тургуну ал күндү минтип эскерет.


“Кыян каптаган күнү тамдын дубалын көтөргөнгө жардам берген балдарга кечки тамагын берип жаттык эле. Бир маалда жаан жаап баштады , жамгыр катуу жаагандыктан боз үйдөн тамчы тамды, жамгыр жаап өтүп кетээр деп атсак эле кыян каптап келди эч нерсе кыла албай балдарды көтөрүп эле эшикке чыктык. Колуктум документтерди алганга жетишип калды калган оокат кече,тамак ашыбы жерде турду эле бүт агып баткактын астында калып калды. Эч нерсе кыла алган жокбуз. Жерде 2000 ге чукул кирпичибиз бар эле анын баары агып кетти. Эшикте чака, чайнек, бут кийим балта күрөк дегенден эч нерсе жок бүт агызып кетиптир”.

Болоттун боз үй ичиндеги, үй оокаттары, тиричилик буюмдары жарактан чыккан. Мындай абалга совет көчөсүнүн тургундары да кабылды. Склад, гараж, мал короолорду кыяндын баткактарынан тазалоо дагы деле жүрүп жатат.

ТҮП КӨТӨРӨ КОЛДОО КЕРЕК.
Урматтуу замандаштар, 21.07.2023-жылда катуу нөшөрлөп жааган жаандан улам, Куланак айылынын Ичке жана Куржылга сайларынан түшкөн селден жабыркаган үй бүлөлөргө колубуздан келишинче жардам берели. Учурда маанилүүсү үйлөрдүн ремонту, тамак аш, материалдык,кийим кече боюнча муктаждыктар жаралды.
Бардык суроолор боюнча уюштуруу тобуна 0708 773 444 номери аркылуу байланышсаныздар.
Комиссия түзүлдү:
Комиссиянын төрайымы: Жумалиева Назгүл
Мүчөлөрү:
Түмөнбаева Айзат
Ибраева Керээз
Счет: МБанк +996709069036 Бектур С.

Айыл тургундары өз калоолору, көңүлдөн чыккан суммалары которуу иштери башталды.

Куланак жамааттык медиа борбору