“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Элетте зомбулук болгон учурда кимге кайрылуу керек экенин билип калды

8 Август 2023 жыл 23:19
Көрүүлөрдүн саны: 387

2015 – жылдын 22 – июнунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №390 токтому үй бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча атайын токтом чыккан ушул токтомдордун негизинде республика боюнча иштер алып барылып турат

Ал эми Учкун айыл өкмөтүндө кандай иштер жүруп жатканы менен Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Анара Балтабаева төмөндөгүлөргө токтолду
Токтомдордун негизинде облустук райондук токтомдор чыгып, анын ичинен Айыл өкмөттүн атайын буйругу чыгарылган. 2021 – жылы 30 – майда №44 буйругу чыккан. Ушул буйруктун негизинде айыл аймакта зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет түзүлгөн.
Ал эми жергиликтүү комитетте 25 мүчө бар. Алар 1 жылдык пландарын кабыл алып, жыл бою иш алып барышат
Иш планга айыл аймакта жашап турган калкты аймактарга бөлүп алып, калктын аярлуу катмарын алып чыкканбыз. Аярлуу катмарга ичкен үй бүлөлөр, мигранттардын балдары жашаган үй бүлөлөр ошондой эле аз камсыз үй бүлөлөр , ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй бүлөлөр ошондой эле багуучусунан ажыраган жарым жетим жана тоголок жетим балдар каттоого алынган. Ушул үй бүлөлөрдүн үстүндө иш алып баруунун аракетиндебиз.
Андан сырткары айыл өкмөтүндө жергиликтүү комитет иштеп жатканын эл билүү үчүн кварталына маалыматтары кетирип, кайсы жактарга кайрыла алышат, зордук зомбулукка кабылган учурда кандай кризистик борборлор бар экенин маалымдап турушат.
Биздин комитет иштеп жатканы баарына маалым болуш үчүн комитеттин телефондору жазылган баракчаларды, жана ватсап группаларга таркатып келебиз.
Үй – бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттин ишмердүүлүгүнө эл ишенип кайрылгандар да кездешет.
Бир жарым жыл ичинде кайрылгандар болду. Өзгөчө ичкен үй бүлөлөр, жолдошу тынчтык бербеген үй бүлөлөргө барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп ордунан чечкенге аракет кылдык. Бир адамды сот жообуна тартылды. Жергиликтүү комитет кыдырып, жеринде аныктаган иштердин негизинде.
Ар бир адамдын коопсуздугу жана жеке жашоонуна тоскоолдук болбошу үчүн эч качан кайрылган адамдардын аты жөнү ачыкка айтылбайт.Муктаж болгон үй булөлөрдү социалдык башкармалыкка билдирүү менен үйүнөн тейлөөгө алдырууга жетишишкен.
Тизмеде турган үй бүлөлөргө жардам берүүнүн аракетинде болуп турабыз. Жардамдар мамлекет тарабынан келген учурда. Болбосо жеке спонсорлор тарабынан келген учурда эң көйгөйлүү деген үй бүлөлөрдү алып чыгып, жардамдарды бере алдык.
Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн № 390 токтомдун негизенде ар бир аймакта иш алып барылып келет. Бул токтом үй бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча. Ага ылайык Жергиликтүү комитет өзүнүн аймагындагы үй — бүлөлөрдү көтөрүп чыгып берүү менен аймакка тең кароого жетишишкен. Быйылкы жылы да атайын иш план түзүлүп, анын алкагында позитивдүү ата – эне же болбосо позитивдүү бала тарбилоо деген темаларда атайын тренингдер да өтүлүп келет. Долбоорлор да жакшы жыйынтыгын берип, зордук зобулукту алдын алуу жана бөгөт коюуга кошумчасы өтө чоң экенин баса белгилейт

https://www.youtube.com/watch?v=Nul3QiIK0JM
Айзат Түмөнбаева