Уулду үйлөнтүү, келин алып, куда- сөөк күтүү кыргыздардын каадалуу салттарынын бири.Коомдун өзгөрүшү менен каада салттар, кошумчаланып өзгөрүүдө. Ошол эле учурда никеге туруу максатында мужбурлап урдоо менен эки жаштын макулдугу менен үйлөнүүнү алмаштырбоо керек
Куда күтүү, кудагый жолугушуу, сөйкө салуу, кыз узатуу, ачуу басар деген сыяктуу эки жаштын баш кошоор астында көптөгөн каада салттар, ырым жырымдар жасалып келет. Үй бүлө курууда эки жаштын макулдугу менен курулса бардык турмуштун сыноосуна чогуу туруштук берип, бири бирине жөлөк болосуң дейт Перизат Өмүрова:
Кыз жигит болуп эки жарым жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Өзүм жактырып, өзүм каалаган жигитке. Ортобузда 3 балабыз бар. Үй бүлө куруп жатканда өзүңөр чечим кабыл алсаңар, кийинки турмушуңарда өзүңөр чечим кабыл алып жашайсыңар. Турмушта кандай кыйынчылык болсо дагы мен бул жигитти өзүм тандагам, бул жашоону өзүм тандагам деп көп кыйынчылыктарды жеңесиң. Жаш үй бүлө болуп үйлөнгөн кезде көп маселе жаралды, бирок менин тандоом деген нерсе баардык кыйынчылыктарды жеңет экен – дейт Перизат айым
Эч кимге айтпай кетип калганын көп эстейт
Кыз жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүмдү жакындарым, үй бүлөм билсе деле күйөөгө тийем деп айткандан уялып, жигитиме макулдугумду берип эле, ата – энеме айтпай качып кеткем. Ата – энем ачуу басар барганда эле билишкен. Ал кезде айтуу кыйын болчу. Эми болсо бойго жетип келе жаткан балама айтып калам, айтып, сүйлөшүп, азыркы каада салт менен кудагый жолугушуу кылып анан алып келебиз деп. Кызым бар болсо деле ошону айтмакмын дейт.
Кыз жигит болуп жүргөн күндөрдү көп эстейбиз
Бизди курбу кызым тааныштырган. Алгач түшкү тамактанууга барып жүрүп, үйдөгүлөрдүн баары менен тааныш болуп калгандан кийин жигитим менен таанышып, кыз жигит болуп калдык. Анан ал үйгө каттаганымды токтоттум. Курбу кызым эле билет анын байкеси менен жакшы мамиледе экенимди. Калганы болсо көчөөдөн жолугуп калышып эле эмне каттабай калдың деп таарына беришчү.
Мен шаарга иштеп, жигитим 3 айга окууга барган кезди көп эстейбиз. Ал мага аралык алыс болсо дагы жөө келчү. Себебин кийин билдим, окууга келгендердин акчасы жок экен да. Кийимдерин алып кетип жууп берчүмүн. Үйдөгүлөргө кантип айтасың, элдин баарын жаткызып коюп жууп. Кайра эч ким тура электе чогултуп алуу керек. Мен окуп жүргөндө ал иштеди. Айлык алганда рулет (торт) фантасы менен дайым алып келет. Анда биздин батирде майрам.
Кыз ала качууда бир топ түйшүк жаралчу
Мен 2005 – жылдан 2022 – жылга чейин 5 кызымды күйөөгө берип, 1 уулума келин алдык. Тааныган билген жер эле 2 кызымды ала качып кетип, турмуш куруп калышты. Ал кезде босого аттайт деген чоң уят болчу. 1 кызым сүйлөшүп жүрүп эле, бизге айтпай качып кетти. 2 кызымды кыз узатуу менен узаттым. Уулумду болсо биротоло бир барып эле алып келип үйлөнттүк. Ушундан байкам каада салттар жакшы жакка бурулуп, кыздарды узатканда кадимкидей ичибиз ачышса дагы кайда кетип бара жатканын, өз калоосу экенин билип, жакшынакай ак батабызды берип узатат экенбиз. Келин алсак да эки убара болбой биротоло алдына барып, келинди алып келебиз. Мурда ала качып алып, ачуу басар бир барып, кайра эшик төр көргөнү кудага бир барчу элек. Азыр жакшы 2 тойдун ордуна 1 той болуп калды – дейт айыл тургуну Батма Турдубекова
Ала качуу менен эки жаштын макулдугун туура айырмалай билүү керек
Кыргызстангы ала качууларды ала турган болсок, кыз менен баланын макулдугу менен ала качылып кеткен нерсени формалдуу түрдөгү ала качуу деп алынат. Негизи ала качуу деген терминге жатпаш керек. Кыз менен жигит экөө макулдашылган. Тарыхка карай турган болсок, илгери өздөрү кайсы жерге берээрин билип, кудалашып, акылдашып берилчү да. Тең теңи менен деп статус, финансылык жактан карап кудалашчу. Кыз жигит уруусунан статус, финансылык жактан ылдыйраак, же өйдөрөөк болуп калганда ата — энелер каршылыгын билгизгенде, экөө биригип качып кетип баш кошушчу, ошону ала качуу деп келген болчу. Кийин кыргызстанда ала качууну салт деп аташып, бала жактырып калса эле кыздын макулдугу жок эле ала качып кетип калышып, биздин салтта барго деп өздөрүн актап келишкен. Бирок кийинки жаза кодексинде өзгөрү кирген. Адамдын эркине каршы ала качып турмуш куруу бул кылмыш болуп эсептелет. ушул нерсени адамдарга жеткизүү көп убакытты алды. Көпчүлүк учурда ала качуу деп баш кошкондо кыздардын, калктын ой жүгүртүүсүнө бул деген салт деп киргизип коюшкан. Олтурбаса жамандык болот деп коркутуу аркылуу айла жок баш кошулуп калган. Эки жаштын сүйлөшүүсү, акылдашуусу, турмуш куруп кете алабы, максаттары бирби деген нерсе ала качуу учурунда эске алынбай калынган.
Үй — бүлө курууда эки жаштын сүйлөшүүсү биринчи орунга туруу керек. Максаттары, көз караштары төп келишип, кийинки жашоо жолунда пайда боло турган оорчулуктарда чечилбей кала турган маселелерде эки жаш сүйлөшүп, чечүүсү көп мааниге ээ. Көпчүлүк учурда пикир келишпестиктер келип чыгышынын бирден бир себептери көз караштары эки башка болгондуктан жубайлар эки жолго түшүп кетишет. Ошол себептен түшүнүк беришибиз керек. Жаза кодесте эмнелер өзгөргөн. Экинчи бир себеби ала качуу термини кантип кирип калган. Анын максаты эмнеде эле. Үчүнчүдөн коомчулукта ала качуу салт деп актап туруп кандай иш аракеттерди жасашкан. Демек кыздардын макулдугу жок эле турмуш куруп коюшкан. Ала качуунун кесепеттерин чечүүдөгү чоң көйгөй баарылашуунун жок болгондугу. Себеп дегенде билбей эле ала качып кеткенде эки адам бири бирин жакшы тааныбай эле пикир ала алышпайт. Азыркы күндө чоң той бербей эле эки жаштын макулдугу менен курулган үй бүлөлөрдү ала качуу деп айтпашыбыз керек. Чыгымдарды азайтып эле ала качып алдык деген нерсени колдоно берсе коомчулукта анда ала качуу жоюлбайт. Болгону ала качуу кайсы жерде колдонулуп жатканын жана аны жаза кодексте каралганын коомчулук билсе, эки жаштын макулдугу деген термин колдонулса анда туура түшүнүк болот беле деп ойлойм — дейт гендердик эксперт Мунира Норузбаева
Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык ала качуу үчүн жаза күчөтүлдү. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми жашы жете элек кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.
2021- жылдын 1-декабрында ишке кирген Кылмыш-жаза кодексине ылайык, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» боюнча 172- берененин алкагында кылмыш иши козголот. Кыз уурдаган адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат. Жашы жете элек кызды нике кыю максатында урдаган адамды 10 жылга чейин камоо жазасы киргизилген.
Кылмышка катыштыгы бар жарандар ушул эле берененин негизинде 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кылмыш-жаза кодексиндеги өзгөрүүгө ылайык, 172- “Адамды нике кыюу максатында урдоо” беренесинде “эркине каршы” деген термин алынган. “Адамды никеге туруу максатында урдоо” — оор кылмыш болгондуктан, тосмо арыз кабыл алынбайт
Турмуш курууда эки жаштын сезими, макулдугу биринчи орунга тураарын коом айкын көрсөтүп келе жатат. Илгеркидей карын куда, дос куда, бөлө куда, сөөк жаңыртуу деген нерселер күн санап азайып бара жатканы айкын эле көрүнүп калды.
Айзат Түмөнбаева