“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жер үлүшүнүн эсебинен пенсияга чыгам

20 Август 2023 жыл 21:49
Көрүүлөрдүн саны: 324

1994 – жылы айыл чарба жерлери үлүш катары айыл жеринде жашап, колхоз – совхоздордун курамында иштеген Кыргыз жарандарына 49 жылга узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген, бул мөөнөт 1995 – жылы 99 жылга узартылган


Ар бир колхоз, совхоздун жерине жана жашаган калктын санына жараша 0,45 сотуктан өйдө же андан аз жер тилкелери берилген. Уруулаш болуп бөлүнүп, атайын дыйканчарбаларын түзүшүп, өз ишмердүүлүгүн уланта башташкан.

Жерге болгон менчик укугу деген эмне?
Жер участогуна (үлүшөнө) болгон менчик укугу – бул жер ээсинин мыйзам тааныган, коргогон укугу. Ал жер мыйзамдарындагы чектөөлөрдү эске алуу менен, өзү каалагандай ага ээлик кылат, аны пайдалана жана тескей (сатат, арендага, рентага, белекке берет, мурастайт жана башка бүтүмдөрдү жасай) алат.
Демек үлүшү бар жаран ээлик кылган жер үлүшүн каалагандай пайдалана алат. Көбүн эсе кыздар турмуш курууда башка өрөөнгө кеткенине байланыштуу жер үлүштөрүн ата – энеси же бир туугандары пайдаланып келет. Үлүшкө алган жериңизди кантип пайдаланасыз деген сурообузга Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Нурзада Сааматова төмөндөгүдөй жооп берди.

“Мен үлүшкө Нарын облусуна караштуу Ат – Башы районундагы Кара – Суу айылынан 0,55 сотукт жер үлүшүн алгам. Азыр айылда иним пайдаланат. Пайдасын болсо дыйкан чарба мүчөсү декреттик өргүүгө чыкса болот дегенде гана 1 балама декретной алдым. Жердин документин көчүрмөлөрүн соц фондко алып келип тапшырып, 3500 сом алгам. Жер үлүшүн албай калган иним, сиңдим бар келечекте экөөнүн бирөөсүнө белек кылып жаздарып берсемби деген оюум бар. Мен эч жерде иштебегендиктен үлүш жеримдин эсебинен пенсияга чыгат экемин. 2024 – жылдын январь айында 45 жашка толом. Пенсияга чыгууга документтеримди топтоп жатам. Андан кийин белек кылам деген оюум бар”.
Ал эми пенсияга чыккандан кийин жериңизди кантип пайдаланып жатасыз деген сурообузга Нуршат Жумабекова төмөндөгүдөй жооп берди


“Союз тарап баарыбыз дыйкан чарбага өтүп, ар бир үй – бүлө мүчөсүнө 0,80 сотуктан жер тийген. Өзүм пенсияга чыккандан кийин келиниме каттатып бердим. Себеби шаардыктарга жер үлүшү берилген эмес. Же декретной чыкпайт. Же кызматы жок болсо. Бирок дыйкан чарба мүчөсү болуп иштеп жүрөт. Жок дегенде декретной алсын, пенсияга чыксын деп өз ыктыярым менен белек кылып каттатып бергем. Ошондон кийин декретный отпуска алып калды.”
Ал эми юристтерге көбүн эсе жер үлүш боюнча маселе жаралып, талаш тартыш болгон мезгилде гана кайрылышат. Көбүн эсе айым жолдоштор өзүнө тийешелүү жер үлүшүн өзү пайдалануу үчүн дейт адвокат Айбек Өмүралиев


“Көбүн эсе кыздар турмуш куруп, же башка жагдайлар менен башка жакка кетиши мүмкүн. Жерин туугандары пайдалана беришет. Бизге кайрылганда жерибизди байкебиз же тууганыбыз үлүш жерди пайдаланып жүрөт. Анан барып алалы десек бербейт деп кайрылышат. Үлүш жерин алып берүү боюнча “үлүшкө болгон менчик укугун” коргоо боюнча деп сотко кайрылабыз. Бул учурда жер ээсине чечилет. Кээ бир учурда үлүштө тургандан кийин баарынын макулдугу керектелет. Макулдугу жок деле жерлери сатылып кеткен учурлар болот. 5 жыл, 10 жыл өткөндөн кийин жерим сатылып кетиптир дегендер да болот. Аларды сотко берип жокко чыгартылат.”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин ишке кириши менен, жер үлүштөрүн Жер кодекси ишке киргенге чейин аныкталган тартипте алган жарандар кандайдыр – бир документтерди толтурбастан, акысыз жана кошумча акы төлөбөстөн, алардын менчик ээси болуп таанылат. /”Кыргыз Республикасынын Жер кодексин ишке киргизүү жөнүндө” КР мыйзамы, 6-ст./

Айзат Түмөнбаева