Алимент көбүн эсе үй — бүлө ажырашканда ата тарабынан жашы жете элек балдарга төлөнөт деген түшүнүк коомдо калыпталынып калган. Жашы жете элек баланы ата-энеси өстүрүүгө милдеттүүү. Эгер аны кимиси аткарбаса мыйзам чегинде алимент өндүрүүгө туура келет
Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк кодекси
85-статья. Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.Бул боюнча юрист Айбек Өмүралиев төмөндөгүлөргө токтолду
Ар бир ата – эне өзүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Мыйзамда так көрсөтүлгөн. Практикада ушундай түшүнүк болуп калган алиментти эркек киши эле төлөйт депчи. Андай эмес. Атасына да энесине да тийиштүү. Алиментти ажырашып, 2 бөлөк жашап калгандан кийин гана алимент төлөш керек деген түшүнүк бар андай эмес. Мыйзам боюнча чогуу никеде туруп балдарды камсыздабаса да алимент өнөт
Ал эми турмушта көбүн эсе нике бузулуп ажырашып кеткенден кийин алиментке кайрылгандар көп
Бизге көбүн эсе жалгыз бой эне же жалгыз бой ата болуп калгандан кийин көп кайрылышат.Эки тарапка тең милдеттүү. Балдар кимдин багуусунда болсо экинчи ата энеси же бир ата энеси М: балдар атасынын багуусунда болуп, бирок энеси ошол балдарды бакканга материалдык жактан эч жардам көрсөтпөсө алимент төлөөгө милдеттүү болуп калат.
Алиментти өз ара макулдашуу менен деле төлөсө болот. Сотко кайрылып мажбырлоо иретинде эмес. Ата энелер жашы жете элек балдарына макулдашуу түзүп алып, күбөлөндүрүп алып төлөсө болорун баса белгилейт
Эгерде ата – эне өзүнүн жашы жете элек балдарын багууда материалдык жардам бербесе, макулдашууга келишип, бирок ошону аткарбай же макулдашууга келбесе же баш тартса анда ата – эненин бирөөнү сот тартибинде доо берүү менен алимент өндүрүп алса болот. Сотко айла жоктон кайрылууга туура келген деп эсептесек болот. Анткени өз ыктыяры менен бакбаса, келишим макулдашууну аткарбаса, анда сотко доо иретинде кайрылып, алимент боюнча соттун актысын чыгарып төлөтсө болот.
Ал эми алименттин өлчөмү сот тарабынан чечилип кабыл алынганда, алименттин өлчөмү көрсөтүлөт. Алименттик макулдашуу болгондо жашы жете элек балдарга алардын ата – энесинин ай сайын 1 балага ата – энесинин иштеп тапкан жана дагы башка кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн өндүрүлөт. Бул жерде эмгек акысы эле эсептелбейт башка тапкан кирешелери да эсептелиниши керек.
Кирешелеринин, эмгек акысынын 25% пайызы. Эки балага болсо кирешесинин 3 төн бири. Практикада 33% деп эсептеп жүрөбүз. Үч же андан көп бала болсо анда айсайын эмгек акысынын, кирешесинин жарымы өндүрүлөт. 50% өлчөмүндө. Сөзсүз ушундай болуп өндүрүлөт эмес. Ар кандай жакдайларда болушу мүмкүн. Тараптардын кимисине алимент өндүрүлсө материалдык үй бүлөлүк абалын да сот карап, алименттин өлчөмү азайтылышы да мүмкүн же көбөйтүлүшү да мүмкүн дейт Айбек Өмүралиев
Алимент – үй-бүлөлүк укукта багуу каражаттары. Никелешүү, бала асырап алуу ж. б. алименттик мамилелердин негизи болуп саналат. Алимент алууга жашы жете элек балдар, айрым учурларда үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү укукту.
Д.Орозакунова