“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Бакубат үй-бүлө куруу үчүн мамилелердин үстүндө иштөө керек

8 Октябрь 2023 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны: 391

Балага билим берүүдө педагог гана окутуу керек деген түшүнүк менен жашап келсек. Азыр замандын талабына ылайык үй бүлө куруу, мамиле түзүү, сүрдүү жеңүү деген сыяктуу окуулар көп. Бул суроо талапка ылайык жашообузга жаңыдан сүңгүп кирип келе жаткан мектептен тыш жаш куракка чектөөсү жок билимдер. Ушундай окуулардын бири ГАЛС ыкмасы менен окуу


Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Нурбек Мусалиев үй бүлөлүү, 4 баласы бар. Турмуш кургандарына 15 жыл болду. Бирок үй бүлөөнү түзүү жана сактоо үчүн атайын окуулар керек экенин өзү окуулардан  өткөндөн кийин билген.


“ГАЛС” ыкмасы менен окуудан өткөндөн кийин өзүмдү таптым, үй бүлөгө болгон көз карашым өзгөрдү. Бул ыкмада эң биринчи эле үй бүлөлүк кыял биринчи эле таасир бергени ушул болду. Келинчегим экөөбүздүн кыялдарыбыз бир эле бирок жолдорун билчү эмес экенбиз. Экөөбүз тең эле саякаттагыбыз келет. Кымбат машина айдагыбыз келет. Биринчи эле сабагы чогуу кыялдануу. Түп жагы бир бирок фундамменти жок экен. Анткени өзүм окуп келип алып эле өзүмдүн иидеямды түрткүлөй берчүмүн. Келинчегим түшүнбөсө ага кызыгы жок да. Мен аны түшүнгүм келчү эмес. Анан экөөбүз чогуу саякатка чыккандан баштадык. Окуудан кийин келинчегим экөөбүз бири бирибизди түшүнүп, көп сүйлөшүп калдык. Андан кийин кыялдардын ишке ашыруу үчүн пландарын окудук. Аны окуганда үй бүлө болгондон кийин бири бирибизге көз каранды экенибизге түшүндүк”.


Нурбек өзү жеке ишкер болгондуктан үй бүлө менен бирге өндүрүштү да көтөрүү экенин туура түшүнүп баштаган.

Солдон биринчи Нурбек Мусалиев

Биз алгач саякатка Ысык – Көлгө чыкканда, көлдөгү өрүк, сүт өндүрүүчүлөрдүн баарын кыдырып келдик. Андан кийин машина алабыз деп кыялдандык. Машинаны деле алдык. Кыскасы баарына жетишип баштадык. Быйыл Ушул ГАЛСтын эсебинен кытайга барып эс алып келдик. Эми японияга кетип жатабыз. Кыскасы ойдо жок жерден биз (ырыскыны аллат талаа берет) аракетти туура багыттоо менен менен кыялданган пландарыбыз ишке ашып жатат.
ГАЛС ыкмасын окугучакты японияга, кытайга эс алып келет деген оюбузда да жок эле. Өзүмдүн бизнесимде жүрүп үй бүлөгө көңүл бөлбөй калыптырмын. Окуудан откөндөн кийин ар бирине анализ жасап, кылган ишиңе отчёт бере баштайт экенсиң. Учурда колуктума тиешелүү бизнести өзүнө өткорүп берип жатам. Ага да мүмкүнчүлүк түзүп, бири бирибизге эриш аркак болушубуз керек экен. Үй бүлөмө мурда эле жардам берчүмүн, бирок колумту жардам берчү эмес. Азыр жардам берет. Баардык нерсени пландап жана кенешип алып иш алып барып жатабыз. Окуу мага үй – бүлөнү гана бекемдебестен бизнесимди өркүндөтүүгө да чоң салымын кошуп жатат. – дейт Нурбек


Белгилей кетсек жеке ишкер “ Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында Учкун айылмагы боюнча жеңүүчү деп табылып, иш канасы колдоого алынган.

Ал эми ГАЛС окуусуна мектеп окуучулары да катышкан абдан чоң жардам экенин 11 класстын окуучусу баса белгилейт

Мен алгач Куланак жамааттык медиа борборунда ыктыярчы болчумун. Ыктыярчылар үчүн окуулар көп болот. Мен дагы “Гендердик оптика” сабагынан ГАЛС ыкмасы менен тааныштым. Өзүмдүн ордумду таап, ата -энем менен байланышкан көпүрө болуп берди. Мурда мектепте мугалимдерге деле , курбуларыма жада калса ата – энеме оюмду жеткизе алчу эмесмин. Азыр мен баарын анализдеп түшүнүп чечим чыгарганды үйрөнүп калдым. Чөйрөм менен тил табышканды үйрөндүм. Мүмкүнчүлүк болсо бул окууну баарына эле сунуштайт элем – дейт аты жөнүн атагысы келбеген окуучу.

Айзат Түмөнбаева