“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мугалимдер күнүнө чоң белек

11 Октябрь 2023 жыл 0:06
Көрүүлөрдүн саны: 389

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жайгашкан А.Аралбаев мектебинде чоң майрам болуп өттү. Аталган мектептин жер төлөөсү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, колдоого берилди

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебине 2022 -2023 — окуу жылында «Тынчтык корпусу» тарабынан мектепке кызматташууга Дженифер Джи — Ван Цуй аттуу ыктыярчы келип, окуучулардын англис тилин өздөштүрүүгө салымын кошуп жатат.

Дженифер Джи — Ван Цуй тил үйрөтүү менен гана чектелбестен 2 жылдын ичинде коомчулукка пайда алып келе турчу долбоорду ишке ашыруу максаты да бар болгон. Долбоорго мектептин жер төлөсүн колдонууга жарактуу кылып кабинеттерди жасап чыгуу үчүн мектептин директору Ч.Абдыкадырова , англис тили мугалими  Эльзада Иманкулова, дене тарбия мугалими Назарбек Мусалиев жана мектептин кенже кызматкерлери менен  биргеликте долбоор ишке ашты.

Аталган мектептин  жер төлөсүнө окуу залы, кол өнөрчүлүк бөлмөсү, аялдар үчүн фитнес клуб, күрөш залдары, жуунчу бөлмө  жана башка бөлмөлөр ачылды
«Тынчтык корпусу» нан 1 000 000 сомдук  курулуш каражаттары алынып келинде.

«Өздүк салымдын акчалай бөлүгүн  айылдык кеңешке кайрылуунун негизинде 170 000 сом бюджеттик комиссиянын отурумунда  карап, сессияда сураган акча каражатын бөлүп бердик» — дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Жумалиева

Андан тышкары Айылдык кеңештин 4 ардактуу грамотасы менен мектептин директору жана 3 кенже кызматкерлери сыйланды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары:Таалайгүл Токсобаева, Назгүл Жумалиева, Назгүл Саадакеева чакан акчалай сыйлыктарын берип кетишти.

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин кенже кызматкерлери 500 000 сомдон ашык жумуш аткарышкан

Айымдар кеңешинин төрайымы Ибраева Керээз аялдар үчүн фитнес залды  ачуунун максатын төмөндөгүдөй билдирди.

«Фитнес залын ачуу 2020 — жылдан бери эле оюмда бар эле. Бирок ылайыктуу орун табылбай жаткан. Жаз менен мектептин директору Чынар эже айтканда эле 1 бөлмөнү фитнес залы кылууну туура көрдүк. Эң биринчиден айымдардын ден соолугу. Экинчиден айылды жумушсуз айымдар көп, алардын убактысын туура пайдалануу жана да жаш күчкө толуп турган кайын энелерибиз бар, алар келини менен кечке үйдө олтурбастан ден соолугун чыңдаганча залга келип кетсе болот».

Назарбек Мусалиев күрөш залын ремонттон өткөрүү үчүн 20 000 сомдук курулуш материалдарын жана спорт зал үчүн матрастар менен камсыздады

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Мусилимович Омурзаков мектеп жетекчилерине жана жамаатына, «Тынчтык корпусунун» өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирип Учкун айыл өкмөтүнүн Ардак грамота менен сыйлады.

«Тынчтык корпусунан» келген өкүлдөр аткарылган иштердин деңгээлин жогору баалап мектеп жамаатына жана англис тили мугалимдери: Ч.Абдыкадырова, Э.Иманкулова жана
Дженифер Джи — Ван Цуй га ыраазычылык каттарын тапшырып кетишти.


Кыска аралыкта мындай чоң объектин бүтүшү айыл тургундары жана окуучулар үчүн кубаныч тартуулап жаткан мезгил.

Куланак жамааттык медиа борбору