“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Көптү үмүттөндүргөн спорт зал

16 Октябрь 2023 жыл 20:00
Көрүүлөрдүн саны: 535

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинин жер төлөөсү капиталдык ремонттон өткөрүүлүдө. Бул жерде атайын грек рим күрөшү боюнча машыгуучу зал, кол эмгек, фитнес англис тили жана окуу залдары толугу менен ремонттон өткөрүлүп, колдонууга берүүлүнүн астында турат

Грек рим күрөшүнө катышып, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келген Жумагулова Адеминин кубанычында чек жок. Себеби Айсулуу Тыныбекованы кумир туткан жаш спортчу үчүн машыгуучу зал көптөгөн ийгиликтерди жаратат деп ишенет
https://youtu.be/uksO-nYetXQ

Мектептин каралбай калган подвалы бар болчу. Ошону корпус мира аркылуу Джени проект жазып өткөзүп материалдарын алып берди, работасын өзүбүз кылдык аябай жакшы бүтүп жатат буюрса. Спорт зал маселесин 12 жылдан бери күттүк. Ар кайсы жерде машыгып жүрдүк. Аябай сүйүнүп жатам. Биздин балдарда жаркыраган залда машыгып, жуунуп таза машыкса экен деген кыялдарым бар эле. Буюрса ошол орундалып жатат

Коңшу айылдарга чейин балдарды алып барып жүргөн машыктыруучу Назарбек агайдын жана ийримге катышкан окуучулардын кубанычтарында чек жок.
Машыктыруучу гана зал бүтпөстөн англис тили, окуу залы, тигүүчү залы, фитнес залы жана жуунуп тазалануу үчүн да шарттар түзүлүп жаткан мезгил. Айыл тургундары жана окуучулар үчүн баардык шарттары менен заманбап залдар ачылуу үчүн саналуу гана күндөр калды.
Даткайым Орозакунова