“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мектептердин билим сапат мониторинги жүргүзүлдү

1 Декабрь 2023 жыл 20:39
Көрүүлөрдүн саны: 320

Мониторинг жүргүзүү үчүн төрт топтон турган комиссия түзүлүп, 2023 – жылдын 22 – 24 – ноябрь күндөрү Нарын районунун жалпы орто билим берүүчү мектептериндеги окуучулардын билимине мониторинг жана иш кагаздын абалдары каралып, жеринен усулдук жардамдар көрсөтүлдү

Окуучулардын билим сапатына мониторинг жүргүзүү жана райондун мугалимдери бири бири менен тажрыйба алмашып, мугалимдерге жеринен усулдук жардам көрсөтүү максатында НОУББ тажрыйбалуу мугалимдер менен бирдикте райондун мектептерин кыдырып жеринен педагогикалык кеңешме өтүп,мектептердин көйгөйлөрүн менен таанышып,чечүү жолдорун жана Окуучулардын билим сапатын көтөрүү үчүн эмне иштерди аткаруу зарыл экендиги талкууланды

 

Куланак жамааттык медиа борбору