Аудио сюжет
Салам достор. Биз А.Аралбаев атындагы орто мектебинде жайгашкан Куланак жамааттык медиа борборунан салам айтабыз. Сиздерге мектепте болуп жаткан кружоктор жөнүндө айтып берели дедик
Алгач грек-рим кружогунан баштайлы. Кружоктун жетекчиси Назарбек Мусалиев. Агай 13 жылдан бери грек0-рим кружогу боюнча машыктыруучу болуп иштеп келет.Ушул убакка чейин көптөгөн ийгиликтерге жетишип келген.
Назарбек:
көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылган балдарыбыз бар. Ошонун ичинен Бейшенбек уулу Таалайбек. Азиянын жана дүйнөнүн катышуучусу болуп эсептелет.
Азыркы учурда 2 группа бар.Ар бир группада 15 тен бала машыгат. Андан ташкары 2 кыз машыгып келет. Греко-рим кружогуна,мектеп окуучуларынан 7 жаштан өйдө катыша алышат. 2 смен болгондуктан,машыгуу кечинде сабактардан кийин башталат.
Грек0-рим кружогуна 4 жылдан бери катышып келген Советов Адилбек атасынын каалоосу менен кружокко катыша баштаган.Бул аралыктын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишип келет.
Адилбек:
2020-жылы Жан-Булак айылынан 2 оорунду алып келгем.2021-жылы Нарынга барып 3 оорунду алып келгем.2023-жылы да Нарынга барып 3 оорунду алгам.
Аталган мектепте греко-грим күрөшү боюнча атайын зал сентябрь айында ачылган.Буга чейин окуучулар ар кайсы кабинет залдарга машыгып келишкен.Бүгүнку күндө баардык шарттары түзүлгөн атайын залда машыгышат.
Амина Русланова, Саламат Уланбекова