Куланак айылында жайгашкан «Куланак» жамааттык медиа борборунун ыктыярчылары үн жаздыруу ыкмаларын үйрөнүп жаткан мезгилдери
Аталган жамааттык медианын ыктыярчы окуучулары сабактан тышкары бош убактыларын жамааттык медианын өнүгүшүнө салым кошуп келишет.
Кышкы каникулдан келгенден бери диктафон менен үн жаздырганды үйрөнүп жатабыз. Мага абдан кызыктуу болуп жатат. Себеби сабактардан бул нерселерди үйрөнбөйбүз. Өзүбүздүн үндөрдү жаздырып, кайра аны монтаждоо абдан кызыктуу экен — дейт Куланак жамааттык медиа борборунун ыктыярчысы Ырыскелди Кенжекулов.
Саламат Уланбековага топ менен иштеген жагып жатканын баса белгилейт.
Бул жакта классташтарыңдан тышкары башка окуучулар менен дагы иштейбиз. Интервью алган кызыктуу экен. Негизи суроону туура түзүп алсаң эле жеңиндей сезилип калды.
Мен башта информатика сабагына эле кружокко келчүмүн. Анан медианын окуучулары башка күндөрү келишет экен. Алар эмне кылышат болду экен деп кызыгып калдым. Эжеден суранып катышып олтурсам болобу деп уруксат сурансам макул болду.Мага жагыпкалдым. Класташым Элина экөөбүз экөөнө тең келип катышып жатабыз. Катышканыбызга аз эле убакыт болду. Бирок жагып жатат — дейт 6 класстын окуучусу Азаматов Кутман
Амина Русланова