“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Убактысынын көбүн жаш таланттарга жумшаган мугалим

12 Февраль 2024 жыл 0:23
Көрүүлөрдүн саны: 442

Нарын районуна караштуу А.Аралбаев атындагы орто мектебининмузыка мугалими 38 жылдан бери  бир мектепте эмгектенип келет

Аталган мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүрова көптөгөн жаш таланттарды тарбиялап келет. Музыка мугалими менен болгон маекти сунуштайбыз

ЗКТ
Нурайым Асанова Саламатсыздарбы,менин атым Нурайым Асанова.
Биз буга чейинки чыгарылыштарда окуучулар м-н маек куруп окуучулардын келечектеги ой кыялдарын биргеликте угуп келсек бүгүн Куланак айыл аймагындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинин музыка мугалими жана ошондой эле жаш таланттарды даярдап көптөгөн конкурстардан жакшы ийгиликтерге жетишкен,эл агартуунун отличниги болгон Жумагүл Өмүрова эже.
Өзүңүз жөнүндө жана кесибиңиз тууралуу айта кетсеңиз?
СНХ
Өмүрова Жумагүл Саламатсыңарбы окуучулар мен өзүм жөнүндө айта кетсем мен Өмүрова Жумагүл Султанбековна.Ушул мектепте 38,39жылдан бээри эмгектенип келе жатам .
ЗКТ
Нурайым Асанова Аталган мектепте Жумагүл эже 1985-жылдан бээри иштеп келе жатканы анык.Мектепте бир гана музыка сабагынан билим бербестен жаш таланттарды Манаска,бийге,хорго,ырга даярдантып келет.
СНХ
Өмүрова Жумагүл ыр,хор,манаска даярдап,кружокторун келгенден бээри иштетип келем.
ЗКТ
Нурайым Асанова Азыркы учурда окуучулардын ийгиликке жетишкендери азайып келе жататканын баса белгилейт.Себеби мурда “жаш таланттар фестивалынан кароо сынактарга окуучулары барып келишчү.”азыр болсо жаш таланттар фестивалы болбой мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам деген конкурсу болуп калды акыркы 2жылдан бээри кароо сынактарда окуучулар солгундап калганын айтып, нааразычылыгын билдирет.Жумагүл эжебизге жана окуучуларына ийгилик каалайбыз.
Даярдаган Нурайым Асанова.

Сиздер менен Куланак жамааттык медиа борбору болду кийинки чыгарылыштарга чейин сак-саламатта болуңуздар.

https://youtu.be/VkUIb2H6AHo

Куланак медиа