“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Семинар: Чыныгы турмуштук кырдаалга карата сабак өтүүнүн усулдары

23 Февраль 2024 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны: 308

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде «Чыныгы турмуштук кырдаалга карата сабак өтүүнүн усулдары» аталышта райондук семинар болуп өттү. Семинарга Нарын районундагы мектептердин мугалимдери жана мектеп директорлору катышты

Семинардын максаты: азыркы күндө  талап кылынган көндүм маалыматты таба билүү жана ар кандай булактардан алынган маалыматты таасирдүү талдай билүү, алган билимди турмушунда колдоно алууга жетишүү.

Семинар төрт бөлүктөн турду. Биринчи бөлүмдө «Билим алсаң урмат — сый алып келет, билим сага акыл ой кубат берет «. Бул бөлүмдө келген конокторду тосуп алуу жана каттоо иштери жүргүзүлдү. Андан соң мектептин биринчи кабатындагы фойеде семинардын чылышына чакан линейка өттү. Линейканы мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүрова жетектеди

5 — класстын окуучулары

Экинчи бөлүмдө «Окуу — түндө шам чырак, билим алсаң аңдай ачык жаркырап» аталышында ачык сабактар өткөрүлдү

«Байламталар» кыргыз тили мугалими Т.Ашыралиева 7 — класс

«Кому на Руси жить хорошо» орус тили жана адабият мугалими Ч.Балтабаева 10 -класс

«Физ жана мат чыныгы турмушта» мугалимдери: А.Жумабаева, М.Аалыбаева 8- класс

«Совет бийлигинин орношу,пролетариат диктатурасынын чыңдалышы» тарых мугалими: З.Байсубанова 11 — класс

«Күн менен булуттун кармашы» башталгыч класс мугалими:А.Орозалиева 3- класс

«Канчага көп, канчага кичине?» башталгыч класс мугалими:М.Жакыпова 1 — класс

STEM технологиясы. тренер:Д. Аралбаев. Мектеп дирокторлору

3-бөлүмдө:тарбиялыкжанакласстан тышкаркы иштер.»Уксам- унутам, көрсөм эстеп калам,жазасам түшүнөм» аталышта болуп өттү.

«Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат». Мугалими: М.Аалыбаева, 6 — класс, ата — энелер

«Ата — эне баланын бийиктикке карай учкан канаты» семинар тренинг. башталгыч класс мугалими: Ж.Кадыралиева

Үй — бүлөлүк китеп окуу. Китепканачы: А.Абдыраимова 8 — класс

«Химия биздин турмушта» кече сабак.Мугалими: К.Мааметова 8 — класс

«Кыргызстандагы мөңгүлөр жана көп жылдык тоңдор» мугалимдер: С.Калыбек кызы, К. Асанбек кызы 9 — класс

canva тиркемесин колдонуу. Мугалим: А.Түмөнбаева

4 — бөлүктө «Билим -жашоо чырагы, өнөр элдин курамы. Өнөр аккан булак — билим күйгөн чырак»

Бул бөлүктө «Улут уңгусу улуу нарк» аталышта тегерк стол жана мектеп жамаатынын чакан концерти болду.

Тегерек столго: Т.Нурдинов, М.Токсобаева, Ж. Сагындыкова
Т.Ашыралиева,
Концертти жетектеп уюштургандар: Ж.Өмүрова,  Э. Иманкулова, Ч. Балтабаева

радио уктуруу

https://www.youtube.com/watch?v=oEl8AHBmoOY&t=21s

https://youtube.com/shorts/HRj8248pOe0

https://www.youtube.com/watch?v=GcCPY8a4SBw

Куланак жамааттык медиа борбору