“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мугалимдериме терең ыраазычылык

7 Июль 2024 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны: 133

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде быйылкы окуу жылын 25 – окуучу ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүүчүлөр сыяктуу эле окуучулар Жалпы Республикалык Тестирлөөгө окуу жылы бою даярдык көрүп мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү

Быйылкы окуу жылында 25 окуучу 11 – классты аяктады. Алардын 24 окуучусу ЖРТ тестирлөөгө катышып, жалпы 83% пайызды көрсөттү. Бул окуучулардын жыл бою даярдык көргөнүн көрсөтүп турат. 3 жолку ЦООМОнун тестине, андан тышкары акылуу да акысыз да тестирлөөдөн өтүп жатышты. Буга ата – энелер шарт түзүп берип, балдарынын келечегине кайдыгер эмес экени көрсөтүп турат. Андан тышкары атайын расписание түзүлүп, сабактан тышкары консультация, сабактар өтүлүп жатты дейт мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Айжан Койчуманова

Аталган мектептин бүтүрүүчүсү Айжаркын Калдарбекова 215 упай алды

Көптөн күткөн жыйынтыкты угарыбызга саналуу убакыт калгандыктан, бардык бүтүрүүчүлөр сыяктуу эле коркунуч да, толкундоолор да болуп жаткан
Биринчи укканымда сезимдер мурдагыдай эле туруктуу,токтоо абалда болдум.
Жыйынтык чыккандан кийин жеңилдикти сездим.

Башынан өзүмдү жакшы дагы жаман дагы жыйынтыкка даярдап жүргөнүм үчүн болушу мүмкүн.
Жыйынтык чыккандан кийин жеңилдикти сездим.
Эже агайларым бар аз  аракет кылсаң алтын алмаксың дегенин угуп, кичине упай жетпей калганына өкүнүч болду.


Айжаркын ЖРТ га даярданууну эрте эле баштаган
Жогорку класс болгондо ЖРТ тести тууралуу билгенден баштап эле даярданыш керек экенин,11 жылдык билим 1 тест менен сыналат экенин угуп эрте даярдык көрүш керек экенин билгем.
Бирок ошентсе да кечигип, 10-классты аяктаган каникулда баштадым. Негизгиси убакытты туура пайдалануу өтө маанилүү. Мурунку бүтүрүүчү байке-эжелерден алган китептерди карап жүрүп, август айында математика сабагынан даярдандым. Секом, Schoolclub, курстарына барып, Элдинсыймыгын онлайн, мектептен кошумча сабактарды окудум.
Сынамык тесттерди көп тапшырганга аракет кылып,бирде прогресс болсо,башкасынан регресс болуп көбүрөөк даярдык көрүш керек дедим.
Өткөөл курак
Бүтүрүүчүлөр түшүнөт, тест,кесип тандоо, өспүрүм курактан өтүү учуру кыйынчылык жаратат, кээде тажап(выгорание) баары бекер кетип жаткандай сезилет, ал учурда мага окуума шарт түзүп,дайым аруу тилегин айтып, бардык жерден колдогон, мага ишенген, мен үчүн дуба кылган ата-энеме чоң ырахматымды айтам.

Ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү Сагын Абдыраимова ЖРТ дан алган упайы менен өзү көздөгөн окууга өтөөрүнө кубанып турат

Негизи менин максатым 200+ балл алуу болчу. Бирок тилекке каршы максатыма жете алган жокмун. Антсе да өзүм  каалаган окуу жайга өтүү  үчүн  жетишээрлик упай ала алдым. Мага колдоо көрсөткөндөр  булар: ата-энем, мектеп мугалимдери болду.


ЖРТ га даярдык 1 – класстан башталат.
ЖРТга болгон даярдыкты жылдын жарымынан баштадым. Аябай катуу даярдык көрбөсөм да, мектеп мугалимдеринен консультация алып, математика мугалими Аида эженин курсуна бара баштадым, сабак учурунда Кундуз эже көп жардам берди. Кыргыз тиди жана адабият мугалимдери Айтбүбү эже менен Таалайкүл эженин да салымы чоң. Чындыгында ЖРТга болгон даярдык 1-класстан башталарына өзүм даярдык көргөндө  гана ынандым. Себеби башталгыч класстан «А» тамгасын тааныгандан баштап биз үйрөнгөн ар бир нерсе кичине болсо да  ЖРТ үчүн маанилүү экен


ЖРТга  9 — 8- класстан  даярданыш шарт эмес. Эгер окуучу зүнө ишенсе 1 ай калганда даярданып деле жакшы жыйынтык көрсөтсө болот
Ыраазычылык
Мугалимдерге терен ыраазычылык билдирем. Менин 11 жылдык жетишкендиктеримдин аркасында ар бир мугалимдин талыкпас эмгеги бар. Себеби мен эч кандай кыска мөөнөттөгү окууларга барган жокмун. Баардыгына узун өмүр, чын ден соолук жана мындан аркы иштерине ийгилик каалайм. Мектебибизден келечекте алтын сертификат ээлери чыгат деген үмүттөмүн.

Куланак жамааттык медиа борбору