“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Окуучулардын кыялы орундалды

28 Январь 2025 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны: 63

Нарын районуна караштуу А.Аралбаев мектебинде 532 окуучу билим алат. Алардын 49 окуучунун жашаган аймагы мектептен алыс

«Окуучулардын алыс жолдон мектепке келиши көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе болуп келген. 2024 — жылдын 9 — декабрынан тарта
Нарын-Баетов авто жолонунун  жээгинде айылдан алыс жайгашкан турак үйлөрдө жашаган жарандардын балдары ташылат, транспорт мурда Сары-Ой айылында бала ташып жүргөн  Кабминдин токтому менен жаны келгенде мурдагы эски кичи автобусту Куланакка айылына  алып келдик» дейт Учкун айыл өкмөтүнүнүн башчысы Алтынбек Бектуров 

Жалпы алыс жолдон келген окуучулардын саны 49 түзөт. Мектеп 2 сменде окугандыктан 4 жолу каттам жүргүзүлөт. Ал эми шопурдун айлык акысы бюджеттен чечилип, күйүүчү майды жергиликтүү бюджеттен каралган.

Комментарийсиз видео төмөндөгү шилтемеде

https://youtube.com/shorts/rcmcScHgY9o

Куланак жамааттык медиа борбору