“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Тогуз коргоол оюуну боюнча турнир өттү

25 Март 2025 жыл 18:09
Көрүүлөрдүн саны: 112

Нарын районуна караштуу А.Аралбаев мектебинде  Алтымыш Курмановдун жаркын элесине арналган «тогуз коргоол» оюну боюнча турнир болуп өттүА.Аралбаев мектебинде 18-19-20 — март күндөрү Кыргыз Республикасынын «Эл агартуунун мыктысы», дене тарбия мугалими Курманов Алтымыш агайдын жаркын элесине арналган ТОГУЗ КОРГООЛ боюнча окуучулар арасында турнир болуп өттү. Турнирге мектептеги тогуз коргоол ийриминин оюнчулары жана мектептин окуучулары катышты.

Турнирди уюштурган Куланак айылынын  1983-жылкы улан кыздары,  2001-жылкы мектептин бүтүрүүчүлөрү болду.

Курманов Алтымыш агайдын окуучусу Арыпбекова Кайыркүл Бактыгуловна төмөндөгүлөргө токтолду

Ортодо Кайыркүл Арыпбекова

«Бул оюнду бизге үйрөткөн  өз кесибинин устаты, сылык, жөнөкөй мүнөзү, адамдык бийик сапаты менен үлгү болгон, мектебибиздин өнүгүшүнө  зор салымын кошкон, келечек муундарга билим, тарбиясын берген Курманов Алтымыш агай эле.
Тогуз коргоол оюнун мектепте, андан кийин студент кезимде Жогорку окуу жайында ойноп жүрдүм. Азыр университеттер арасында өткөрүлүүчү спартакиадаларга, республикалык, Эл аралык турнирлерге катышып байгелүү  орундарга ээ болуп келе жатам — деп эскерди.

Учурда Кайыркүл Арыпбекова И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде иштейт.
Жалпысынан турнирге 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты, финалдык турнирге  жалпы 26 окуучу ойноду. Мында 1-2-3-орунга ээ болгон окуучуларга атайын сыйлыктар, диплом, медалдар жана бардык катышкан окуучуларга да сыйлыктар тапшырылды.

   

Оюнда 1-орунга ээ болгон окуучулар:
Асанкадырова Фатима 5-класс, Мудунова Айбийке 7-класс, Мукашова Акылай 10-класс
2-орунга ээ болгон окуучулар:
Асанкадыров Байнур 4-класс, Бейшенбеков Ислам 7-класс, Жалгасынова Амина 8-класс
3-орунга ээ болгон окуучулар:
Алмазбеков Санжар 3-класс, Омурзакова Раяна 7-класс, Кенжегулов Рыскелди 8-класс
Ошондой эле 2001 — жылкы бүтүрүүчүлөрдүн  атынан мектепке 10 даана тогуз коргоол тапшырылды.

Мектептин 9а — классы тарабынан чакан кече коюлду. Класс жетекчиси Азамат Жанузаков төмөндөгүлөргө токтолду

«Алтымыш  агайды агай катары эле эмес акыл — насаатын айтып, туура багыт берүүчү ак сакал катары жакшы билип абдан сыйлачумун. Агайдын улууга улуудай кичүүгө кичүүдөй мамиле кылганы жүрөгүмдү жылытчу.Мен  үчүн чакан линейка уюштуруу абдан кызыктуу болду. Агайды жакшы эле тааныйм дегеним менен мен билбеген  көптөгөн эмгектери бар  экен. Ошол нерсенин баарын чогултуп уюштуруу менен өзүмө көп сабак алдым. Окуучуларыма да абдан кызыктуу болду. Ушундай эмгеги синген инсандарыбызды ар дайым унутпай эскерип туруу, келечек муундун парзы деп эсептейм».

Оюнду уюштуруунун максаты окуучулар арасында кенири жайылтуу, спорттук чеберчилигин арттыруу жана достук мамилени күчөтүү.

Уюштуруучулар тогуз коргоол боюнча турнир уланып турарын баса белгилеп, келе жаткан жылы 1962 — жылы туулган Куланак айылынын уул кыздары өткөрүүнү максат кылып жатканын айтышты.

Видео материал төмөндө

https://www.youtube.com/watch?v=dm6SQ3cdCv4

 

https://www.youtube.com/watch?v=D7AztQFR4JU

Куланак медиа