“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Балдардын акыл эсин өнүктүргөн кружок

2 Февраль 2026 жыл 23:26
Көрүүлөрдүн саны: 87

Менталдык арифметика менен балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн тажрыйбалуу адис Айгүмүш Кадырова 2025-жылдан бери окуучуларды окутуп келет. Жыл жаңыргандан бери оффлайн форматта окута баштады

Абдылда Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулар үчүн менталдык арифметика кружогу иштеп келет.

 

Кружокко катышуу үчүн чектөө жок. Сабактар гана өтүлбөстөн республикалык жана эл аралык олимпиадаларга катышканга да мүмкүнчүлүк алышат дейт кружок жетекчиси Айгүмүш Кадырова.

Биздин окуучулар дайыма алдыңкы орундарды багындырып келет. Бишкек шаарына барганда атайын иш чараларга катышат. Бул болсо окуучлар үчүн эң жакшы мотивация. Окуучулар гана эмес ата -энелер дайым кызыктар. Балдарынын ийгиликтери менен сыймыктанышып, боло турчу олимпиадаларга чогуу даярдыктарды көрүшөт — деп баса белгилейт.

Учурда окуулар 1- сменде окугандар үчүн түштөн кийин өтүлсө,2-смендин окуучулары үчүн эртең менен өтүлөт.

толук маалымат төмөндөгү видеодо

https://youtube.com/shorts/kUFISfOpCAk?feature=share

автор: Аделина Нурбекова