“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Чектелген жөлөк пул эне балага камкордук

7 Февраль 2026 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 73

Нарын районундагы Учкун айыл аймагынын  айыл өкмөтү , КР министрлер кабинетинин 2025 – жылдын 19 – сентябрындагы №623 – токтомуна ылайык айыл тургундарын кабардар кылып, учурда алгачкы айдын жөлөк пулун колдоруна алышты

Жөлөк пулду 3 жашка чейинки наристеси бар үй – бүлөлөр ала тургандыгы кабар мугалим энелерди да кубандырды. Себеби баланын жаш курагына карабастан айыл жергесинде жумуш жоктугуна байланыштуу наристе бала бакча курагына чыга электе эле жумушка чыкканга аргасыз болушчу.
Мен А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалим болуп эмгектенем. 5 балам бар. 2025 – жылдын октябрь айында декреттик өргүгөө чыктым. Аман эсен баламды колго алып алгандан кийин, атайын жөлөк пулга арыз тапшырдым. Учурда 2 балама жөлөк пул алып жатам. Баланы кароого жакшы эле каражат болот экен. Мурда  баланын кичинекейине карабай жумушка чыгып кетип жүргөн болсом, учурда балам 3 жаш курагына чыккычакты жумушка чыкпайм деп ойлоп жатам. Себеби жумушка чыгып алып, балдарымды көп эле оорутуп алган учурларым болгон. Баланы багууга кандайдыр бир деңгээлде колдоо болуп жатат. Бул эми тоолу аймак же чек арага чукул делбей баарына берилсе баардык эле энелердин балдарынын ден соолугу жана келечеги үчүн жумушка чыкпайт эле дем ойлойм.

Ал эми жарлык боюнча кенен маалыматты Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык маселелр боюнча башкы адиси Баалтабаева Анара Эсенгуловна төмөнкүлөргө токтолду
КР министрлер кабинетинин 2025 – жылдын 19 – сентябрындагы №623 – токтому менен бийик тоолу аймакта жашаган жана чек арага чукул аймактарда жашаган көп балалуу үй – бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына айына 3000 сомдук жөлөк пул ттөлөп берүү боюнча токтому кабыл алынып, 2026 – жылдын 1 – январынан баштап күчүнө кирди. Ага ылайык Учкун айыл аймагында тоолу аймакка кирип, аймактагы балдарды тактоо иштерин жүргөнгөнбүз. Болжолдуу 200 ашык балага берилгени турат.
Жөлөк пулду алуу боюнча ар бир жаран, көп балалуу үй – бүлө жана 3 жашка чейинки балдары бар болгон учурда кайрыла алат.
Документтерди Нарын шаарындагы Нарын райондор аралык эмгекти социалдык коргоо башкармалыгы кабыл алат. Керектелүүчү документтер: ата – энесинин паспорттору, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана полистер керек болот. Түндүк мобилдик тиркемесинен катталгандыгы жана жашаган жери боюнча маалым каттар керектелет. Айыл банктан же элдик банктан өздүк эсеп ачтырып, жогорудагы айтылган документтерге кошуп өткөзүш керек болот.

Документ тапшырууда көйгөйлөр жаралбай койгон жок
Түндүк тиркемесинен жашагандыгы тууралы алынган маалыматтар кээ бир учурда 2 башка даректе жайгашып калгандыктан, бир дарекке жайгаштыруу боюнча маселелер болуп жатат. АӨ же ЦОНго кайрылуу менен бүтүп жатат.
Бул маалыматтар көп балалуу үй – бүлөрлөргө жетпей калбасын деп кулактандырууларды айылдын игруппаларына байма – бай кетирип жаттык

 

Куланак жамааттык медиа борбору