А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 7- апрель «Элдик революциясынын» күнүнө карата «Чептен эрдин күчү бек» аталышта 8 — класстары тарабынан уюшулган чакан линейка болуп өттү
Линейка Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылды. Андан соң эл баатырлары эскерилди.
Куланак айылынын тургуну, эл баатыры Рахат Кожобеков тууралуу чакан сахналаштырылган сценка коюлду

Андан соң Р.Кожобековдун карындашы М.Кожобекованын эскерүүсү көрсөтүлдү
Миргүл Кожобекова: «Үйдөгү абал оор сен айт, мен айт болушуп анан байкем Рахаттан айрылдык дегенде ата энем экоо эки жакка кулап, тез жардам жок өздөрү эптешип эсине келтиришип…байкеси Кубан жанында жургон карындашы Аида,эжелери Гулкан,Бурул ,Бактыгул Айнур баары ата энесине Бешкунгойго барышты.
Мен айылда элем мага эжем түнкү 1 де айтты телефондон.кийин айтканын да билбейт.мен айттым беле деп…аябай шок болдук да.
Күнү бүгүнкүдөй эстейм. Ал күнү байланышка чыгайын десем единицам жок. Рахат мага маяк берип эле кой өзүм чалам деди да ошол куну 5 ке чейин сүйлөштүк. Байкемдин үйүнөн да мага чалды акыркы жолу үйгө чыкканы. Атабыз үйгө барганда чалам Микишка деди. Мен 5-6 ларда чалсам алган жок ошондо плошадда жүрүп окко учуптур…
Баласы да ээрчиптир да анан үйдү кара менден кийинки эле сенсин да үйдү карачу деп албай кетиптир да.
Элдер айтышчу да байкем жөнүндө
«Чоңдор паровойду (от казан) жакшы коёт экен бир сваркалаганын экинчи кармабайт экен ,паро вою сонун иштейт экен дешип заказ менен алып кетишчүү эле. Бир күнү тамашалап ошондой бир киши менен сүйлөшүп атып муну кыргызча эле жазап коёмун десе тиги заказчик корккон экен иий зым менен байлап дагы бирдеме кылат ко деп …аябай ажыкыс тамашакой эле..анан өжөр, көк беттиги да бар эле беттеген жумушу көңүлүндөй болуп турмайын тынчуу эмес. Күжүрмөндүк жагы да бар эле ал эккен жер жемиштер укмуштай тушум берчуу, танкала берчүбүз — деп эскерет
Линейканын жүрүшүндө патриоттук обондуу ырлар жана көркөм окуулар окулду

https://youtube.com/shorts/xlYp4NsCLxM?feature=share
Акырында мектептин мугалимдери сөз алып, элибиз тынчтыкта бейпилдикте жашап, мындай окуялар кайталанбасын баса белгилешти.
Бул линейка өсүп келе жаткан муун үчүн сабак болоору жана эл баатырлары эч унутулбай дайыма эскерилип тураары баса белгиленди
Даярдаган: Аделина Нурбекова