“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айылда сейил бак ачылды

12 Май 2026 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны: 11

Нарын районуна караштуу Куланак айылында Орозакун уулу Аскарбек атындагы сейил багы толугу менен жаңыланып, ачылыш аземи 9- майда өткөрүлдү

Аталган сейил багы Куланак айылына 1963 — жылы ачылып, Улуу ата мекендик согушка кеткен баласын күткөн эненин эстелиги тургузулган.Ал эми сейил бак 2004 — жылы Орозакун уулу Аскарбек атындагы наамды алган.
Бул эстеликке ар жылы 9- май күнү гүл чамбарлар коюлуп, парад жана эскерүүлөр өтүп турчу.

 

Бүгүнкү күндө сейил багы кайрадан толугу менен реконструкциядан өтүп, айыл элине пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З. Каримов, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Б. Мавлянкулов, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояров, айыл тургундары, ошондой эле А. Орозакуновдун жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 11 200 000 сомду түздү. Анын ичинен Нарын райондук өнүктүрүү фонду, Орозакунов атанын бир туугандары, үлүштүк (дем берүүчү) грант жана айыл өкмөт тарабынан каржыланган.

Демилгелеген инсандарга, колдоп берген айылдык кеңештин депутаттарына, инвестиция тарткан айыл өкмөт адистерине да терең ыраазычылык билдиребиз.

Паркты реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө иштерин “АСМР” ЖЧК подряддык уюму жүргүздү.Жетекчиси Имеров Шаршенбек.

Ачылыш аземиндеги толук видео

https://youtu.be/4aUaS11gZuA?si=eBmimXZuAbiwLzCN

Аталган долбоор айылдын инфраструктурасын жакшыртууга, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жаштардын жана келечек муундардын эс алуусуна ылайыктуу заманбап коомдук жайды калыптандырууга багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат.

Куланак жамааттык медиа борбору