Учурда жазгы айдап себүү учурунда күйүүчү майдын баасы кымбатташы эл үчүн көйгөй жаратууда
Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагына жалпы 18 тонна күйүүчү май каралган (солярка). Бул майлар мамлекеттик резервтен бөлүнгөн. 60 пайзы 74 сомдон келген. Калгынын баасы көтөрүлүп 81 сомдон келип жатат. Учурда арзан баадагы күйүүчү майды алыш үчүн айыл өкмөтүнө кайрылып акчасын төлөп алышты.
Күйүүчү майды санарип кассага эле төгүп, запрвкадан куйдуруп алуугада мүмкүнчүлүктөр каралган. Ал үчүн телефонго RedPay KG колдонмо тиркесин жүктөп алуу менен ишке ашырылып жаткан учур.
Айыл тургундарына арзан күйүүчү майдын келиши жазгы айдап себүү иштери үчүн жакшы жеңилдик
Куланак айылынын тургуну Ысмайылбек Карагулов төмөндөгулөргө токтолду
«Айыл өкмөткө келген күйүүчү майдыдын литрин 74 сомдон төлөп алдым. Биринчи акчасын төлөдүк. Анан май келгенде талон менен эле алдык. Эл үчүн бул жакшы жеңилдик. Учурда майдын баасы 91 сомго жетти. Мен 100л майды 74 сомдон алдым. Нарынга барып убара тарткан жокмун».
Куланак жамаатык медиа борбору