Кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымызды дайыма ыштап, даамына даам кошуп жасап келишкен
Ышталган кымыз – бул бээнин сүтүн атайын арча, тообурчак, чекенде же улар оту менен ышталган идиште (саба, көнөк же жыгач челекте) ачытуу аркылуу даярдалган, өзгөчө жагымдуу жыты жана терең даамы бар салттуу кыргыз суусундугу.
Ыштоо процесси кымызга кайталангыс даам берип гана койбостон, идишти зыяндуу бактериялардан тазалап, суусундуктун узакка сакталышын камсыз кылат.
Ыштоо процесси идиш тандоодон башталат. Кымыз куюла турган тери идишти (саба) же жыгач челекти ичинен таза жууп, кургатышат.
Негизинен тоо арчасы, тообурчак, чекенде, карагайдын тозоңу же майлуулукту арттыруу үчүн койдун куйрук майы, сары май колдонулат.
Түтөтүү- идиштин ичине тандалган өсүмдүктөрдү түтөтүп, оозун бекем бекитип коюшат. Түтүн идиштин дубалдарына сиңип, сары түс жана жагымдуу жыт берет.✨ Ышталган кымыздын өзгөчөлүктөрү
Даамы жана жыты — кадимки кымызга караганда жыты өтө курч, түтүн даамданган өзгөчө жагымдуу даамы болот.Жакшы ышталган идиштеги кымыз ачык сары же каймак түскө боёлот.Пайдасы- иммунитетти көтөрөт, тамак сиңирүүнү жакшыртат жана кан аздыкка (анемия) каршы эң сонун даба.
Видео
https://www.instagram.com/reel/DXx7qBoIsS9/?igsh=MTZqNTYwODNuYmEwcw==
Куланак жамааттык медиа борбору