“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Катуу шамалдан кээ бир аймактарда свет жок

18 Май 2026 жыл 18:09
Көрүүлөрдүн саны: 100

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17 — майда катуу шамал болуп, чыгымдар эсептелип жатат

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, саат 17:00го карата Нарын облусунун Нарын шаарында чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 12-22 м/с чейин катталды.

Катуу шамалдын кесепетинен Учкун айыл аймагынын Куланак айылында Он сарай аймагынын электр чубалгылары зыян тартып свет өчкөн жана Бакырган сарайынан сарайдын крышасын учуруп алып кеткен. Сарай турак жай камсыздандырылбаганын билдирет.

Эгерде турак жай жана мал короолор стандартка жооп берип, камсыздандырылган болсо жаратылыш кырсыктары катталса  мамлекет тарабынан чыгымдар эсептелинип, жардам көрсөтүлөт

Айзат Түмөнбаева