“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мектепте жыл жыйынтыгы

4 Июнь 2026 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 11

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жайгашкан А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби жылдагыдай эле жыл жыйынтыгын чыгарды

2025 — 2026 — окуу жылынын жыл жыйынтыгын 29 — майда,  салтанаттуу линейкада өткөрүлдү. Окуу жылын жалаң «5» деген баага окуган окуучулар стипендия жана мектептин ардак грамоталары менен сыйланды.

Айылга жана мектепте дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткан айыл тургундары атайын стипендияларын окууда жана окуу тарбия иштеринде өздөрүн мыкты көрсөткөн окуучулар сыйланды. «Калыбек Абдышүкүров», «Жеңиш Султанова», «Уулкан Атабекова» наамындагы стипендияларды 18 окуучуга тапшырылды.

Мектепти кызыл күбөлүк жана кызыл аттестат менен бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлө 3000 сомдон стипедияга ээ болушса, калгандары 500 сом, 1000 сомдон алышты. мындай сыйлыктар окуучуларды дагы да издениүүгө, шыктанууга шарт түзөт.

Ал эми мектептин намысын коргоп, райондук,  облустук турларга интеллектуалдык таймаш оюндарына барып жүргөн 9- класстын окуучуларын  мектептин бүтүрүүчүсү Кайыркүл Арыпбекова окуучуларды сыйлуу белектер менен сыйлады.

«Мыкты мугалим — 2026» кароо сынагынында республикалага жолдомо алган физика мугалими Майрам Аалыбаевага Ташкентке эс алууга турду Жайсан Өмүралиев тапшырса, физика кабинетине Туратбек Орозакунов акылдуу доска белекке берди.

1986 — жылы Куланак мектебин бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектептин окуучулары үчүн телевизор белек кылышты.

Мектепте билим берген мугалимдердин алдыңкылары да райондук, облустук, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөттүн жана кесиптик бирликтин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Аталган мектепте жалпы 517 окуучу окуп, 41  мугалим эмгектенип окуу жылы аяктады

Айзат Түмөнбаева