“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жыл мыктысы аныкталды

4 Июнь 2026 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны: 10

Ар жылы өткөрүүлүчү мугалимдер арасындагы республикалык сынакка А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинен физика мугалими катышты

Аталган мектепте физика мугалими Майрам Аалыбаева 2019 — 2020 — окуу жылынан бери эмгектенип келет. 2025 — 2026 — окуу жылындагы ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» кароо сынагына катышып, республикалык турга жолдомо алды.

Ре

Сынактын жобосуна ылайык алгач райондук турдан, андан соң облустук турларга катышты. Сынактын жобосунда ар бир жалпы билим берүү мектептеринин предметтик мугалимдери катышууга укугу бар. Алгач мугалимдин өзүнүн документтерин онлйн форматта тапшырык жөнөтүлөт. андан соң гана катышууга мүмкүнчүлүк алат. Калган этаптары офлайн форматта өткөрүлөт.

Майрам Аалыбаева төмөндөгүлөргө токтолду

«Сынакка катышуу оюмда бар болчу. Жобо менен таанышкан соң ар бир этаптын тапшырмаларын туура так аткарганга аракет кылып жаттым. Мугалим негизи эле окуучу менен иштешебиз да. Мага эң кызыктуу жана табышмактуу тапшырмасы ушул сен билбеген, тааныбаган мектепке барып окуучуларга сабак өтүү. Ушул этап абдан коркунучтуу сезилгени менен окуучулар менен иштешкенде, кадимки эле өзүмдүн мектебимде сабак өтүп жаткандай сездим. 2 жолу 2 башка мектепке барып сабак өттүм. Көптөгөн ойлор менен баргам, бирок окуучулар менен биргеликте көп нерсени жеңип кеттим. Демек чыныгы мугалим болуу биринчи окуучу менен иштеше алуу экен деп калдым. Бул сынакка катышуу менен өзүмө көп тажрыйба топтой алдым. Иштеген мектебиме ыраазычык билдирем, кесиптештеримдин, үй бүлөмдүн колдоосу мага жеңиш алып келди деп ишенем».

https://youtube.com/shorts/q3Mp8qHqa8s?feature=share

Айзат Түмөнбаева