“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:А.Аралбаев орто мектебинде “Өнөрлүү кыздар”сынагы өткөрүлдү

9 Март 2017 жыл 10:41
Көрүүлөрдүн саны: 251

20170306_143630Айымдардын эл аралык майрамына карата айылда“Өнөрлүү кыздар”сынагы болду,сынакка мектеп окуучулары жана айыл тургундары да келип күбө болушту.Кененирээк ушул макалабыздан баяндап бермекчибиз.  

Мектептин кол эмгек мугалими Усукеева Гүлмира конкурс тууралуу буларды айтты.

20170306_181237Биздин мектепте 8-март айымдардын майрамына карата 8-9-10-11-класстар арасында “Өнөрлүү кыздар” сынагы болду, окуучуларыбыз абдан жакшы даярданышыптыр. Бүгүнкү конкурска катышкан окуучуларыбызга кааларым чын ден-соолук, узун өмур, сабактарын жакшы окуусун демекчимин. Негизи мындай конкурс жылга болуп турат, мындан кийин дагы болуп турат деген үмүттөмун.20170306_145838Сынакта ар бир катышуучу эне жөнундө ырларды ырдап беришти.

20170306_144035Сынактын негизинде саламдашуу, жеке номер,кол өнөрчүлүк, үй тапшырма жана башка программалар камтылган. Бул конкурска ар бир класстан экиден окуучу, жалпы 12 окуучу катышты.
20170306_16012820170306_153759Катышуучулар менен да маек курдук, 9-класстын окуучусу Айжаркын Абдырахманова буларга токтолду.

“8-мартка карата “Өнөрлүү кыздар” конкурсу абдан мыкты деңгээлде болуп өттү.Бул конкурска 6 команда катышып алардын арасынан биздин команда 2 орунду алдык.Калыстар тобу жакшы эле чечим чыгарышты деп ойлойм дейт”-Айжаркын Абдрахманова.20170306_175645

Бул конкурска айыл тургундары дагы келип күбө болушту.Алардын бири Гүлай Исагалиева мындай деди.

«Мен ушул айылдын тургуну болом бүгүнкү кыздардын конкурска аябай жакшы болду.Баардык окуучулар даярдыгы жакшы экен ушундай конкурстар дайыма болуп туруусун каалайм.Мен жыл сайын ушундай конкурстарды келип көрүп турам-дейт Гүлай эже20170306_145023

Бул сынакта 5-орунду 11-класстын окуучулары,4-орунду 10-класстын окуучулары,3-орунду 8а-классынын окуучулары,2-орунду 8б-9а-класстарынын окуучулары,1-орунду 9б-классынын окуучулары татыктуу болушту.

Автор:Дилде Шатан кызы

Тренер:Ырысбай Адамалиев

сынак үчүн