Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айжамал Жеңишбекова көп жылдан бери бий менен алектенет. Бул макалада биз Айжамал тууралуу баяндамакчыбыз.
Айжамал Жеңишбекова кичинекей кезинен бери “Ак Марал” бий тобунда бийлеп келген. Азыркы учурда мектебибиздин бий кружогунун бий үйрөтүүчүсү. Биз Айжамалга бир нече суроолорду узаттык.
«Мен 10-классынын окуучусумун. Кичинекей кезимде бийлегенди аябай жакшы көрчүмүн. Ал эми мектепте окуп баштаганда жаңы жылдык балатыда жана ар кандай концерттерде бийлечүмүн. Кийин 5-класс болгондо мектептеги “Ак Марал” бийчилер тобуна кошулдум.
Бий ийримине, бий кружогуна барган эмесмин.Учурда мектептеги бий кружогунда бий үйрөтүүчүсүмүн.Бийде 30га чукул кыздар бийлешет.
Эч кандай маяна албайм. Бийлегенди жакшы көргөндүктөн, бийден убактымды аябайм. Мектептин жыйын залында бий үйрөтөм. Бий кружогун мектебибиздин музыка мугалими Жумакүл Өмүрова эже көзөмөлдөйт.
Келечекте мүмкүн бийчи болом, бирок азыр убактылуу гана бийлейм. Башка кесиптин ээси болом деген ойлорум бар»-дейт Айжамал Жеңишбекова.
Ошондой эле Айжамалдын апасы Алия эже менен да маек курдук.
«Айжамал кичинекей кезинен бери ийилчээк, бийге шыктуу кыз болчу. Эч кандай ийримдерге алып барган эмесмин. Өзүнүн дээринен эле го деп ойлойм
Келечекте үмүтүбүз чоң. Бий жагынан көптөгөн ийгиликтерди жаратты. “Ак Марал” бийчилер тобунан, топтогу кыздар менен көптөгөн сынактардан алдыңкы орундарды алып келишти.
Азыр өзүнүн талантын, кичинекей жаш муундарга үйрөтүп жатат. Бий эле эмес мындан башка да көптөгөн таланты бар. Кызымды келечекте бий жагынан эмес дизайнер же визажист жагынан көргүм келет»-деди апасы Алия Сокеева
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн