Жаз келгенде, кар ээрип, байчечекей өсүп, чымчыктар учуп келе баштайт. Бирок Куланак айылында ызгарлуу кыш болуп жаткан убагы, бул тууралуу айыл тургундарынын оюун угуп көрдүк.

“Негизи Нарын аймагында кыш катуу болот да, жаз деген кеч келиши керек. Кыштын азыр өкүм сүрчү убагы бүтө элек, жок дегенде дагы бир жарым айдай кыш болуп турушу шарт.

Быйыл кыш мезгили оор болду, малдарга кыйын болду.Каар калың түштү жылдагыдан өтө суук болду. Элдердин арзан сатып ийген чөптөрү тартыш болуп турат. Элдин баары чыдамсыздык менен жазды күтүп жатышат” дейт айыл тургуну Кенжебек Абдырахманов.

«Кыш быйыл жылдагыга салыштырмалуу катуу суук болду.Көмүр да кымбат болуп элдин отун суусу тартыш болду. Нарын аймагы суук болгондуктан, өкмөт тарабынан электр энергия жагынан жеңилдиктер каралса абдан жакшы болмок. Мына март айы келди. Жаз келди бирок эч кандай жаздын белгилери байкала элек. Дагы деле күн суук болуп жатат»-деди Жүзүмкан Ибраева

» Быйыл аябай суук эле болуп жатат, жаз кеч келет окшойт. Жылдагыдан каар оор түштү, малдарга да кыйын болду. Өзгөчө кечкисин жана эртең менен суук болууда. Дагы сары каар жаай элек. Март айы бүткөндөн кийин каар ээрип күн жылыйт деген ойдомун»-деди айыл тургуну Сүйүнбек Маликов

«Азыр бардык жерлерде аба-ырайы жылуу болуп жаткан учуру. Өзүм да жакын арада Бишкек шаарына барып келдим. Ал жак менен биздин айылды салыштырсак айырмасы аябай эле чоң экен. Биз жакта бир аз кечирээк болуп жатат. Түнкүсүн -20 градус болууда. Быйылкы кыш узактыгы менен өзгөчөлөндү. Чындыгында былтыр жаз эрте келген жана былтыр кышында күн жылуураак болгон»- дейт Калназар Арипов

Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн