“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл өкмөтү 2017-жылдын бюджетин бекитти.

11 Март 2017 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны: 110

11- март күнү Куланак айылында Учкун айылынын жана Куланак айылынын бюджетин бөлүштүрүү боюнча сессия болуп өттү. Сессияга  жергиликтүү кеңештин депуттары, коомдук уюмдар, мекеме жетекчилери катышты.

20170311_122916

Сессияда “кандай маселелер каралды?” жана “кандай маселелер  чечилди?” бул суроолордун жообун алуу үчүн биз жергиликтүү кеңештин депуттарына суроо узаттык.

20170311_123929

“Сессиядагы башкы максатыбыз айылдын бир жылдык бюджетин бекитүү, жайыт комитетинин бюджетин кароо жана малдарга бирка басуу маселесин чечүү болчу. Андан сырткары суроо талаптар, адеп-ыйман, маданият жылына карата айылыбыздын маданият үйүн каржылоо. Бул маселелерди чечтик, эми аткарышыбыз  керек”-деди жергиликтүү кеңешттин депутаттарынын төрөагасы Эсен Исмаилов.

20170311_130549

“Сессияда 2017-жылдын долбоорун кароо, талкулоо жана элден түшкөн суроо талаптарды чечип берүү боюнча маселелер коюулду. Ошону менен бирге эле жайыттын да маселеси боюнча талкуулар жүрүүдө. Жайыт боюнча толук маалымат болбогондуктан, “канаттандырылбайт” деген чечим чыгарууга мажбур болдук. Бюджеттин долбоору боюнча бекитип берип, социалдык тармактар жана айыл-өкмөтү өзүнүн тиешелүү кызматтарын аткарып берет деген ишенимдемин.  Мисалга алсак бул жакта социалдык тармактар боюнча узатылган суроолорго каражаттарын алып жатышат, айыл- өкмөтүнүн өзүнүн бюджетинин коргоо боюнча маселелер чечилди ”-дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Фархат Абдыжакыпов.

20170311_130751

Ошондой эле Учкун айыл-өкмөтүнүн айыл башчысы буларга токтоло кетти.

«Бүгүнкү сессиянын күн тартибинде  үч маселе  болгон 1-маселе ветеринарияны идентификациялоо малдарды жана ошондой эле бааларын бекитүү.Бул боюнча райондук ветеринардык инспекциянын жетекчиси Тазабек Мамыров өзү катышып  депутаттарга түшүндүрүп берди. Ал жактан жакшы түшүндүрүлүп баалары бекиди.  Ошону менен биринчи маселе чечилди. 2- маселе жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жана иш планын да бекитүү болчу. Бул боюнча талкуу болду да депутаттар каршы болуп кийинки жумага калтырышты.

20170311_123040

Кийинки жумада жайыт комитетинин отуруму кылабыз, жайыт комитети жана бухгалтери отчетун берсе талкуулап  чечимин чыгарабыз. 3- маселе жыл башындагы  калдык акча каражаты жана 2017-жылдын  бюджетин бекитүү. Бул боюнча буга чейин бюджеттик коммиссянын үч жолку отуруму болгон. Үч жолу талкууланып ортого салып бөлүштүрүп чечилди.

20170311_123047

Болгон каражатты, болгон тармакка бөлүштү  социалдык тармакка, мектепке, клубка, бала-бакчага баарына жеткидей кылып бөлүнүп берилди. 2016- жылдын пландан ашкан акчасы жана 2017-жылдын  бюджети толук бекилди» -деди Учкун айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Касымакун Мамырбаев.

Screenshot_2017-03-11-17-12-07-1-1

Учкун айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы менен да маек курдук

“Учкун айыл өкмөтүнүн жыл башындагы акча каражаты 1300000 сом болгон. Мунун ичинен 450000 сомду айыл өкмөтүнүн башкы кеңсесине капиталдык ремонту үчүн өздүк салымга койдук.  80000 сомду Учкун айылындагы Э. Токсобаев орто мектебине кезектеги ремонту үчүн, 170000 сомду Куланак айылындагы А.Аралбаев орто мектебине кезектеги ремонту үчүн жана башка социалдык тармактарга бөлүндү. Ал эми 2017-жылдын бюджети 6000300 сом аппарат, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы, социалдык төлөмдөр  жана ошондой эле Учкун айыл өкмөтүнүн бюджеттик мекемелеринин электр энергиясы, бала-бакчалардын тамак-ашы 2017-2018-жылга от жагуу сезонуна карата көмүр менен камсыздалды”-дейт Сарбагыш Кыдырмаев.

20170311_200302

Автор: Медина Сарбагыш кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн