Бул сынак Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакеев атындагы мектебинде өткөрүлдү. Сынак кандай деңгээлде өттү? Бул макалада баяндап беребиз.
Калыстар тобунун төрагасы Исмаилов Кадыркул буларга токтолду.
“Нарын райондук маданият бөлүмүнүндө башкы адис болуп иштейм. Жаш таланттар конкурсунда 1997- жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү болуп келе жатам. Быйылкы конкурс жылдагыга салыштырмалуу төмөнүрөөк болуп калды. Бирок аракеттери жакшы.
Кол эмгек, сүрөт жагынан катышкан окуучулар жакшы. Эң башкысы мугалимдерге , ата- энелерге чоң ыраазычылык билдиребиз”- дейт Кадыркул Исмаилов.
“Бүгүнкү «Жаш таланттар» конкурсунда төрөайым болуп шайлангам. Конкурс жакшы деңгээлде өттү. Окуучулардын баардыгы калыптанган жоболорду алышкан.
11 жанр боюнча даярданып келишиптир. Даярдыктары абдан жакшы”- дейт Сабира Асанбаева.
Конкурста «Жаш калем» жанры болду. Окуучулар чыгарган ырларын калыстар тобуна окуп беришти.
Конкурста «Жаш калем» жанры болду. Окуучулар чыгарган ырларын калыстар тобуна окуп беришти.
Ошондой эле “Жаш таланттар” конкурсуна талантуу окуучуларды даярдап келген мугалим менен да маек курдук.
“Мен Достук айыл аймагынын мугалими болом. Конкурска окуучуларымды даярдап келгем. Былтыркыга салыштырмалуу, жылдан жылга жакшы денгээлде өтүүдө.
Формалары, даярдаган номерлери да абдан жакшы. Ал эми айырмачылыктарына токтолсом, мурда музыкалык аспапта ойношчу эмес, быйыл ал номерди да даярдап келишиптир”-деди Динара Асанбек кызы.
Конкурска катышкан талантуу окуучулардын оюн угуп көрдүк.
“ Учкун айылынан келгем. Конкурста сүрөт тартуу боюнча катышып жатам. Кичинекей кезимден бери сүрөт тартам жана аябай жакшы көрөм. Үй-бүлөм да сүрөт тартышат, алардан тажрыйба алгам деп ойлойм”- деди конкурстун катышуучусу Самара Токтосунова.
“Конкурста комуз черттим жана бийледим. Конкурс аябай жакты. Баардык катышуучулар толкунданып жатышты. Бир жарым айдан бери даярданып келдик”-дейт Таттыгүл Толкунбек кызы.
“Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектепте уюштуруучу болуп иштейм. Жылдан жылга талап башка, заман башка болуп жатат, быйылкы “Жаш таланттар” конкурсу жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм.
Мисалы өзүбүздү алсак. Окуучуларыбыз жакшы даярданышты, жакшы ийгиликтерге жетишебиз деген ойдомун. Талантуу окуучулардын даярдап келген номерлери канаатандыраарлык болду,бирок музыкалык аспапта ойноо эки гана мектепте бар экен. Окуучулардын активдүүлүгү жакшы”- дейт уюштуруучу Чынаркүл Ырыскелдиева.
Бул конкурстун жыйынтыгында I-II орундарды алган окуучулар областтык «Жаш таланттар» конкурсуна жолдомо алышты.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн