“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мектеп китепканасы жаңы китептер менен камсыз кылынды.

17 Март 2017 жыл 13:36
Көрүүлөрдүн саны: 267

А.Аралбаев атындагы орто мектебинин китепканасы  китептер менен жаңыланды.  Ким тарабынан камсыз кылынгандыгын жана кандай китептер экенин билүү үчүн биз бул макалада баяндайбыз.

Китепканачы Асылкүл Абдраеванын айтымында  мурда китепканага мындай китептер келген эмес.

А. Аралбаев орто мектебинин китепканачысымын.  Китепканада иштегениме бир топ эле жыл болду, бирок бизде мындай адабий китептер келген эмес. 123 китеп келди.  Бул китептер аябай жакшы экен, сапаттуу дагы. Башталгыч классынын окуучулары үчүн келди. Китептерди USAID  “бирге окуйбуз”  долбоору башталгыч классынын окуучулары үчүн кыыргыз тилиндеги китептерди чыгарып жатат. Ар бир мектепке 123 даана китеп таратылды.

IMG-20170317-WA0001

Китепти жомоктор,окуялар, табышмактар жана жаңылмачтар камтыйт. Китептер USAID “ бирге окуйбуз”  долбоору тарабынан берилип жатат. Бул долбоор өлкө боюнча 60% мектептер  менен иштешет. Башталгыч классынын окуучуларынын китепке болгон кызыгуусун арттыруу аракетинде китептер берилүүдө.

20170316_161045

Буга чейин башталгыч классынын окуучулары китептерди алып окушчу., кийин тандоосуна ылайыктуу китептерди бере албай калганбыз Буюрса жакшы китептер келди, баары номерленип окуучуларга таратылып бериле баштайт”- деди Абдраимова.

20170316_161303

Токтогүл Усукееванын айтымында Нарын областы менен эки жылдан бери иштешип келишет

“ Биздин долбоор USAIDдин “бирге окуйбуз” долбоору. Кыргызстанга 2013-жылы келген. Быйылкы 2017-  жылдын  окуу жылы менен аяктайт.  Нарын областы менен биз эки жылдан бери иштешип келе жатабыз. Эки жылдан бери Нарын  областынын 144 мектебинин 97 мектеби менен иш алып бардык. Башталгыч классынын муглимдерине семинар өткөрүп , методикалык ыкмаларды үйрөтүп, класстан тышкаркы иштер боюнча дагы иш- чараларды өткөдүк. Бүгүнкү күндө иш- чаралар аябай жакшы жыйынтыгын берип жатышат. Ата- энелер аябай активдүү болууда.

IMG-20170317-WA0002

Башталгыч класстар да чоң класстар да иштерди алып барып жатышат. Окуу фестивальдарды өткөрүп жатабыз, китеп текчелерин толтуруп жатабыз. Бул Кыргызстан боюнча бүт мектептерге берилип жатат. Нарын областында 144 мектеп болсо, ошонун баардыгына берилди.Бирок долбоордун алкагында 97 мектеп менен иштешебиз. Биздин долбоорго кирген мектептер алышууда. Бул програма билим берүү министиринин 2020- жылга болгон билим берүү стратегиясын өнүктүрүү боюнча програма. Биз колубуздан келген жардамыбызды бердик деп ойлойм.

IMG-20170317-WA0003

Мындан аары мугалимдер, мектеп жетекчилери  иш алып кетет деген ойдомун”-деди USAIDдин “бирге окуйбуз” долбоорунун  Нарын областты боюнча коомчулук менен иштөө кызматкери Токтогүл Усукеева.

Автор: Медина Сарбагыш кызы

 Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн