“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Төлөбек Исмаиловду эскеребиз

20 Март 2017 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны: 86

Бул макалада биз 2015-жылы 23- октябрда качкын кылмышкерлерди кармайм деп, кызмат учурунда каза болгон Төлөбек Исмаиловду эскермекчибиз. Ата-энеси, жакындары жана кызматташтары Төлөбектин жаркын элесин эч качан унутушпайт.

20170317_143019-1

Милициянын капитаны Исмаилов Төлөбек Эсенбекович 1978-жылы  Нарын районунун Куланак айылында туулган. Ал ИИО догу кызмат жолун 2001-жылы милициянын атайын багыттагы отрядында милиционер болуу менен баштап, өмүрүнүн аягына чейин ушул бөлүктө кызмат өтөп келген. 2010-жылы ИИМдин Академиясын ийгиликтүү аяктаганан.

20170317_151101-1

ИИОдогу 14 жылдык кызмат жолунда 34 жолу ар кандай сыйлыктар менен сыйланган. 2006-жылы Баткен обласындагы куралдуу террористтерди жок кылуу операциясына катышып, жасаган эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен»Эрдик” медалына татыктуу болгон.

20170320_115906-1

Коомчулукка жакшы белгилүү болгондой 2015-жылдын 12-октябрында №50-абактан өмүр бою эркиндигинен ажыраган коркунучтуу кылмышкерлердин тобу, ал жерде иштеген 4 кызматкерди өлтүрүп,  качып чыгышкан.

Ошол түнү качкындардын бешөө милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, 4 кылмышкер качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Алар өмүр бою эркиндигинен ажыраган уюмунун активдүү мүчөлөрү болушкан.

Милиция кызматкерлери бул жанкечтилерди кармоо боюнча күнү-түнү тынымсыз иш алып барып жатышкан. Булардын башчысы Итибаев Алтынбекти Бишкек шаарынын Достук районундагы үйлөрдүн биринде жашырынып жүргөндүгү боюнча маалымат алынып, кылмышкерлерди кармоо боюнча операция ИИМ дин «Тез аракеттенүүчү» атайын отрядынын жоокерлерине тапшырылып, үй курчоого алынган.

Жанкечтилер милиция кызматекерлерине каршы ок атып коргоно баштаган. Өзгөчө оор, коркунучтуу кылмыштарды, буйрутма адам өлүүлөрдү жасап келген Итибаевди кармоо оңой-олтоң иш эместиги кызматкерлерге жакшы белгилүү эле.

Аларга берилген “кылмышкер жалгыз болбошу мүмкүн” деген маалыматтан улам оттряддын жоокерлери алгач ок чыгарбай, жанкечтинин колго түшүп берүүсүн талап кылышкан. Операциянын жүрүшүндө Төлөбек Исмаилов баштаган топ өмүрлөрүн тобокелге салып, 3-кабаттагы кылмышкер бекинген  үйгө көтөрүлө баштаган.

Эшик алдына жакын келгенде, кылмышкердин эшик артынан тынымсыз аткан огу кырчындай  өмүрдү алып тынды. Канчалык жандалбастап, бейкүнөө адамдарга каршы автоматтан ок жаадырганы менен жанкечтини акырында жок кылынды. Миллицонердин артында 3 уулу жетим калды.

20170317_143002

Төлөбектей эр азаматтар бар үчүн кыргыз эли жашап келе жатат. Ушундай баатырлар эл ичинде бардык учурда болуп, элин коргоп, мамлекеттин бүтүндүгүн коргоп келишкен.

                          Төлөбекти Эскерели

Элесиң турат,  өзүң жок,

Сүрөтүң турат, сөзүң жок.

Кара ташка түбөлүкө жазылып,

Кайгыга салып, сен бизди.

Кайрылбай, келбес сапарга,

Эстеген сайын жүрөк жаңылып.

Эстейсиң  көздөн жаш чыгып,

Эзилип эптеп жүрөмүн.

Эстеген сайын,  сыздайт жүрөгүм,

Элимден эрте жаш кетип,

Тиктейбиз күндө сүрөтүң.

Тирилип келчүүдөйсүң, үзүлбөйт үмүтүбүз.

Көрөмүн күндө сүрөтүңдү,

Күйүтүм эзип бүттү жүрөгүмдү.

Сыздаймын, ыйлаймын, жашайбыз сездирбестен.

Күндө турам таң заарда уй айдап,

Ээн  талаа кыйкырамын буулугуп.

Бугум чыгат, жеңилденип каламын,

Анан жөнөйм үйдү карай үшкүрүп.

Билгизбестен жүрө берем ич күйүп.

Террористтер кагып чыгып түрмөнү,

Кызгыздарга катуу салды дүрбөлөң.

Кыраандарым Чүй бооруна жыйналды,

Кармай албай көп жигиттер кыйналды.

Көпкө издешти Тоо таштарды кыдырып.

Акырында Достук аймагына  жашынган,

Караакы каңкор Итибаевди табышты

Айланышты кармай албай кыйналып,

Акырында эр жүрөгүм Төлөбек,

«Каңкорунду кармаймын!»- деп окко учту.

Эр азамат туулат экен элим деп,

Эр жигиттин согот жүрөгү жерим деп.

Кыргыз элин, кыргыз жерин сактайм деп,

Кыргын жашын кыркка толбой кеттиң сен.

Алган жарың, үч балаңды калтырып.

Өлбөгөндө эстегенде сени мен,

Оң көзүмдөн кайра-кайра жаш чыгат.

Шабым элең, букар элең тамырым,

Кээде туура болчу сенин кошкон акылың.

Жөлөк элең, өбөк элең алтыным,

Кыйналсам да жашап жүрөм жалгызым.

   Ырдын автору баатыр Төлөбек Исмаиловтун атасы Эсен Исмаилов.

20170317_142950

Кыска бирок татыктуу жашаган өмүрүндө Төлөбек Исмаилов жасаган эрдиги менен ата-энесинин, жакындарынын, айылдаштарынын, жалпы эле милициянын  кадыр баркын бийиктикке алып чыга алды. Анын мындай эрдиги эми эл оозунда аңыз болуп айтылып, артында калган уулдарына жөлөк-таяк болот деп ишенели. Анткени ар бир кызматкер мындай тобокелчиликке бара албасын моюнга алыш керек.

Автор: Медина Сарбагыш кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн