“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын өрөөнүндөгү “Мыкты математик” мугалим

22 Март 2017 жыл 9:14
Көрүүлөрдүн саны: 85

Кезектеги каарманыбыз өрөөндүн “ Мыкты математик” мугалими Шамырканов Нурбек Абыласанович тууралуу болмокчу.  Агайыбыз алдынкы мугалим болуунун сырлары менен бөлүшө кетти.

20170321_184303-1

Шамырканов Нурбек Абыласанович 1971-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Шамырканов Абыласан  Куланак айылында башкы зоотехник болуп үзүрлүү эмгектенген. Апасы  Мусаева Мария айылдык ооруканада  тиш врач болуп эмгектенген.

«Математематика сабагынан Ганиева Рая эже сабак берген. Жогорудагы мугалимдин мага берген билим тарбиясы, менин мугалим болушума чоң өбөлгө түздү”-деп токтолду Шамырканов Нурбек.

20170321_184921-1

1986-жылы Куланак орто мектебинин 8-классын бүтүрүп, айылдагы СПТУ №86 окуу жайынын тракторист-машинист группасына кирип, 1986-жылы  жогорудагы кесипти алып чыккан. 1989-1991-жылдарда советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. №94  ПТУдан 1991-1993-жылдары фотограф кесибине ээ болгон.

1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө өтүп, 2009-жылы бүткөн.

20170321_184211-1-1

2000-жылы А. Аралбаев атындагы Куланак орто мектебине информатика, математика мугалими болуп кирген. Аты аталган мектепте азыркыга чейин математика мугалими болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.

— Сиздин жетишкендиктериниз? 

— Мугалим бул чыгармачыл болуп өзүнүн үстүнөн  көп иштеши керек. Математиканын да азыркы багыты өзгөрдү, мурун эсеп, маселелерди чыгарууну үйрөтсө азыр математика ойлонууга жол ачат, башкача айтканда логикалык маселелерге басым жасалып, акылдын гимнастикасына айланды десем болот. Жалпы Республикалык тестке  окуучуларды  даярдоодо кыргыз тили мугалими  Токсобаева Таалайкүл эже экөөбүз 2  жылдан бери жакшы жетишкендиктерге жетишип жатабыз. 2014-2015 – окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн 60%ы негизги тесттин 110 балынан жогорку бал алды. 2015-2016-жылы  110 балдан жогору 56, 9%ы өттү. Бул жакшы жетишкендик деп ойлойм.

2017-жылдын февраль айында  өткөн Нарын малекеттик университетинин алдыңкы  мугалимдердин билимин жогорулатуу курсунда математика, информатика жана биология мугалимдерине  сабактан сырткаркы “ Акыл ордо” интелектуалдык сабагын, сабактын план конспектисин жазып презентациялап бердим. Математика мугалимдерине татаал эсептердин чыгарылышы  жана кээ бир темаларды өтүү методикасы боюнча тренинг өтүп, курстун жетекчиси тарабы“ Мыкты математик” наамын ыйгарды жана курстун ардак грамотасын тапшырды.

20170322_112444-1

— Бул жашоодон эмнени уттуңуз жана эмнени уттурдуңуз?

— Бул жашоодо мен СССРдин  тарашы менен жогорку окуу жайларда дүйнөлүк тажрыйбаларды  колдонуу менен билим бергендиги, компьютердик технологияларды окуткандыгы,  окуучуларга заманбап  билим берүүгө утуш болду деп эсептейм. Мусулманчылыкта болгон нерселерге тобоо деш керек деп ойлойм. Эч нерсе уттурган жокмун. Болгон нерселердин баардыгы улам кийинкисине сабак деген ойдомун.

20170321_185100-1

— Сизге күч-кубат берген нерсе?

— Мага куч-кубат берген  менин окуучуларым жана  үй-бүлөм.

— Мугалим болуу үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу шарт?

— Мугалим болуу үчүн биринчи окуучулар менен бирдикте иштеше билиш керек. Жана өтө гумандуу болушу шарт деген ойдомун.

— Мектептин келечегин кандай элестетесиз?

— Биздин мектеп келечекте алдыңкы мектептерден болот деп ойлойм. Себеби көптү үмүтөндүргөн жаш мугалимдерибиз бар.

Маегинизге чоң рахмат!

Автор: Медина Сарбагыш кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн