Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Нооруз майрамына карата кече өткөрүлдү. Бул кечеде ар бир класс өзүлөрүнө бөлүнүп берилген каада-салттарды чагылдырышты, бул жөнүндө төмөндө кененирээк маалымат алмакчыбыз.
Алгач Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Токсобаева Майрам эжеге кайрылып, төмөндөгүдөй жооп ала алдык.
“Бүгүнкү кече класс аралык өткөрүлдү. Себеби окуучуларга кыргыздын үрп-адат, каада-салттарын кеңири жайылтуу,унутулуп бара жаткан каада-салттарды эстеп калуу, кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында өткөрүлдү.
Ал эми бул жалпы эле мектеп тарабынан уюштурулду. Бирок ар бир класска тема берилди. Себеби бир гана класс койбостон, ар бири өзгөчөлөнгөн темаларды алышты.
Бул темаларды бөлүштүргөндө бир класска кыз узатуу, дагы бирине ат коюу, башкасына тушоо кесүү деген темаларды окуучулар кеңири түшүндүрүп айтып беришти. Ошону менен окуучулар ар бир салттын кандай экенин билишти.
Мисалы: ат коюу салты, кээ бир окуучулар бул салтты билишпейт. Демек, билип алышты.
Ал эми ар бир класска бөлүштүргөнүбүздүн себеби: өзүңөр тема алгыла десек эки класстыкы бирдей болуп калышы мүмкүн эле. Мындан 8-класстар жана 9-класстар ийнине жеткире аткара алышкан жок.
Ал эми 10-класс кыз узатуу,келин алуу салтын абдан жакшы көрсөтүп беришти. Мындан эмнени билсек болот. Кичирээк класстар буга көңүл кошураак мамиле кылып жакшы даярданбай койгону билинип турду”- дейт Майрам Токсобаева.
Каада-салттардын арасынан тушоо кесүү салтын да чагылдырышты.
Кеченин катышуучусу 10-класстын окуучусу Асанова Айзатка кайрылдык. Ал биздин суроолорубузга төмөндөгүдөй жооп берди.
Кыргыз элинин үрп-адат, каада-салттарын чагылдырып берүү 8-класстан 10-класска чейин келген.
Ошолордун ичинен бизге кыз узатуу, келин алуу салттары келген.
Биз ошо кыз узатуу, келин алуу да эки тарап болуп эң жакшы деңгээлде чагылдырып бере алдык деген ойдомун жана жогоруда калыстар айтып кеткендей мыкты деп биздики табылды. Негизи буга биз бүгүн эле даярдандык, мына болот дегенде даярданып алып чыктык.
Ага чейин башка нерселерге даярданып, даярдыгыбыз анча жакшы эмес болчу. Мынчалык жакшы деңгээлде өтөт деп ойлогон эмеспиз.
Ар бирибиздин өзүбүздөн болду окшойт, аткаруу чеберчилигибизден улам жакшы болуп кетти”- дейт Айзат Асанова
Ооба, ар бир окуучу кыргыздын каада-салттарын билүүгө милдеттүүбүз. Элдин эртеңки келечеги бизпиз. Ошондуктан каада-салттарыбызды унутпай, кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз.
Автор: Эркинай Барыктабасова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн