Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан Нооруз майрамына карата»Кыз-жигит сармерден» өткөрүлдү. Бул сармерден жакшы денгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду десек болот, ал эми бул жөнүндө төмөндө кененирээк маалымат алмакчыбыз.
Алгач эле сармердендин катышуучусу, башталгыч класстардын мугалими Кадыралиева Жазгул айымга кайрылып, төмөндөгүдөй жооп ала алдык.
“Биз бул сармерденге өтө көп убакыт даярдандык десем жанылышам. Бул Нооруз майрамына карата мугалимдер тарабынан өткөрүлгөн сармерден. Бизге аз гана убакыт белгиленип калды. Эгерде көп убакыт берилсе, анда мындан да жакшы даярданмакпыз деп ойлойм.
Негизи өзүмдүн оюм боюнча жогорку денгээлде болбосо дагы жакшыдан өйдөрөөк болду. Ал эми биздин максатыбыз унутта калып бара жаткан салт-санааны, ыр түрмөктөрүн Нооруз майрамында белгилейт эмеспизпи.
Башка жаштарыбыз ушуну улап, сармерден оюнун коюп кетсе деген максатта уюштурдук. Ошондой эле быйылкы өткөрүп жаткан сармерденибиздин өзгөчөлүгү тууралуу айтсам, быйылкы сармердендин катышуучулары көбүнчө жаштар болду.
Мурдагы жылдары деле жакшы өтчү, бирок аларга салыштырмалуу быйылкы жылы жогорку денгээлде өттү”-дейт катышуучу Жазгүл Кадыралиева.
Калыстар тобунун мүчөсү, музыка мугалими Өмүрова Жумагул эжеге кайрылдык.
“Менин оюмча бүгүнкү сармерден жакшы денгээлде өттү. Мугалимдер убактысынын жоктугуна карабай абдан жакшы даярданышкан экен. Өзгөчө кыздарды бааласак болот. Алардын даярдыгы мага абдан жакты.
Мен бул сармерденден кыздардын бийлегенин өзгөчөлүк деп айта алам. Алар көбүрөөк бий бийлешти.
Чынын айтсам мен мындан Кадыралиева Жазгүлдүн алып баруучулук жөндөмүн бааладым. Ал шайыр жеңенин образында болду. Мага абдан жакты, аябай жакшы даярданыптыр. Негизи эле бүгүнкү сармерден менин купулума толду деп айта алам”- деди.
Ал эми бул сармерденди көргөнү келген эл да көп болду. Алардын бири Гүльфия Мустапаева айым буларды айтып берди.
“Мен мурда дагы ушундай иш чараларды көрүп келгем. Бүгүн да бул мугалимдердин сармерденин көрдүм. Баарыбыз көргөндөй эле сармерден абдан жакшы өттү. Мугалимдер жамааты абдан жакшы даярданышыптыр. Жалпысынан уюштуруучуларга чоң рахмат.
Ушундай иш чаралар биздин айылыбызда көп болуп турса абдан жакшы болмок. Мурдагы сармердендерге караганда быйылкысында макал-лакаптарга, жаңылмачтарга, табышмактарга көбүрөөк басым жасалыптыр.
Дагы бир нерсе сармерден бул ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан оюн. Ошондуктан башында Манас айтуу, айтыш сыяктуу нерселер менен баштаса, анда сармерден эң мыкты болмок. Ошол жагын да бир аз карап коюшса деп айтаар элем”-дейт көрүүчү.
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин жалпы мугалимдер жамаатынын ишине ийгилик жана ушундай иш чаралар көп болуп турушун каалайбыз.
Автор: Эркинай Барыктабасова Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн