Куланак айылы тоо түбүнө жайгашкандыктан кардын эриши айыл тургундарын кооптондурат. Учурда болгон күч аракеттер жумшалганы менен кырдаал курч абалда туруп жатат.
Быйылкы кыш кардын калың түшүшү жана суук болушу менен жылдагыдан айырмаланды. Абанын температурасы жылый баштагандан бери айыл тургундарына сел жүрүү коопсуздугу жаралып, учурда коргонуу иштери жүрүп жатат. Ага карабастан 23-24 -25-март күндөрү кардын эришинен айылдын училища жана 10 сарай чөлкөмдөрүн суу каптап жаткан учур.
Куланак айылынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Эмил Солтобаев менен байланышканыбызда ал буларга токтолду:
“Күндүн тез жылышынын кесепетинен жана кардын оор түшүшү ушул абалга алып келип жатат. Колубуздан келишинче “Нурбай”,”Училища”,”Он сарай”,”Кур кокту” чөлкөмдөрүн тозгонго аракет кылдык. Мешокторду топо, гүлгө толтуруп суунун жолдорун тозот кылып жатабыз. Бул нерсе айыл тургундарын убактылуу эле суунун капташынан сактай алат. Мындай учурда техниканын күчү керек. Учурда техника күтүп калдык”.
“23-марттан бери үйдү каптабасын деп болгон күчүбүздү жумшап, келген сууларды чакалап төгүп жатабыз. Ага болбой эле эшиктин астын жана үйдүн погрибине чейин суу каптап кетти. Эшиктен үйгө кирбестен эле кечке суу тозоттоп жүрөбүз”.-дейт Училища чөлкөмүнүн тургуну Мирлан Давлетов.
Куланак айылындагы кырдаал курч бойдон калып жатат.
сынак үчүн
Даярдаган: Дилде Шатан кызы
трененер:Ырысбай Адамалиев