“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жеке ишкер жана мугалим айым

30 Март 2017 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны: 94

Бул макалада биз үйүнөн заказ алып кардарларды тейлеген мугалим Жаңыл Кыдырова тууралуу баяндамакчыбыз. Эжеден биз өзү тууралуу кыскача маалымат ала алдык.

20170323_150523

“Эки жумушту бир алып кетүү бир аз кыйынчылыктарды жаратат”- деп билдирди  Жаңыл Кыдырова.

“Беш жылдан бери А. Аралбаев атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенип келем. Бул тикмечилик өзүмдүн дээримде бар. Орто мектепти бүтүп, окууга тапшырып, окуудан сырткары тигүү цехинде иштеп калдым.Тикмечилик менен алектенгениме 7-8 жылдай болуп калды. Эч кандай окуган эмесмин, цехтен үйрөнүп, тажрыйба алдым. 1-2 жылдай тикмечи болдум, андан кийин ошол цехте бычмачы болуп иштедим. Эмгектенип жүрүп окуумду бүтүп, турмушка чыктым. Ушул мектепте мугалим болуп иштеп келе жатам. Мурда Бишкектен заказ алып тикчүмүн, азыр болсо кээде заказ алам.

IMG-20170323-WA0018

Биздин айылдагы балдарга тумак тиккем, аны коңшу айылдагылар көрүп, аларга да тигип бердим.  Мектепте жана үйдө эки жумушту бир алып кетүү кичине кыйынчылык жаратат. Көпкө чейин тигүүчү машинага отурбай калсам өзүм да сагынып калам. Мен кээде жөн гана отурганда оюма кандайдыр бир көйнөктүн дизайны келет, ошол убакта тигип калам. Заказ берген кардарлардын заказдарын кабыл алам.

20170323_152406

Эң чоң заказым бул мектептеги өткөн семинарда мугалимдерге окшош кийимдерди тигип берүү болду.

20170323_152345-1

Жалпы 42 штук тиктим. Бир жумадай убакыт кетти.Көп заказ алуу кыйыныраак болуп калды.

image014

Андан тышкары жакын арада окуучуларга “Жаш таланттар” конкурсуна  бийлегенге көйнөктөрүн тигип бердим”-деди Жаңыл Кыдырова.

Ошондой эле биз Жаңыл эженин кардарларынын бири, мектеп окуучусу Эркинай менен маек курдук. 

“Биз жакын арада эле “ Жаш таланттар” конкурсуна  бий жанры боюнча барып келдик. Ал конкурста кийген көйнөктөрүбүздү Жаңыл эже тигип берди. Ал тиккен көйнөктөр мага абдан жакты.  Бирок бир аз катачылыктар бар”- дейт мектеп окуучусу Эркинай.

Автор: Айдана Сарбагыш кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн