“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Малды идентификациялоо иштери аяктап калды.

31 Март 2017 жыл 17:32
Көрүүлөрдүн саны: 155

Кыргызстанда быйыл малга бирка басуу иштери жүрүп жатат жана мындай иштер малды башка чет мамлекеттерге экспорттоого ыңгайлуу болмокчу.Бул иш-чара Нарын районунун Куланак айылына дагы келди.20170315_182409

Малды идентификациялоо иши мал ээсине алдаганча жеңилдиктерди алып келет дейт айылдын мал доктуру Райымбек байке.

2017-жылдын март айынан тартып  Кыргызстанда малдарды идентификациялоо иштери  башталган ал нарын районунун куланак айылына дагы жеткен .Иш-чара айылда аяктап калды Мал ээлерине абдан жакшы болот анткени малды сатууда,башка мамлекеттерге экспорттоодо оңой жана кылмыштуулукту алдын алат.Азырыкы учурда бирка уйларга гана тагылып жатат 1уйга 100сом,дагы кийинки жылдарда  малдын баардык турүнө тагылат.Мындан тышкары бруцеллез жана башка жугуштуу ооруларга карата уйлардан кан алынып,ийне сайылды.Бул иш-чара Нарын районуна караштуу баардык айылдарында  жүрүп жатат-деди  Райымбек Кеңешбеков.20170330_19193920170330_191829

Бул иштердин кандай терс жактары бар экенин дагы аныктап көрдүк.

Терс жактары колунда жок үй булөөлөргө акча каражаты жактан кыйын болуп жатат 1уйга бирка басуу 100сом экен.Менде баардыгы болуп 5 уйум бар аларга бир бергенде 500сом бериш керек  болуп калат.Мен андай акчаны таба албай калам ошондуктан мындай иш-чараларды жазабай деле коюшса болмок  дейт элем.Мен 500сомду 1айда,ошондо дагы тапсам табам,таппай калсам жок,эч жерде иштебегенден кийин  жана мен үчүн,колунда жок үй бүлөөлөрдун чөнтөгүнө эле түшкөн түйшүк экен,кичине арзандатса болмок-деди айыл тургуну.


20170315_182354

Ал эми аталган айылдын тургуну Акматбек Алымкулов малга бирка басуу иштеринин жакшы жактары дагы бар экендигин боюнча түшунгөнүн айтып жаш болсо да батасын берди.20170331_202218

Мен ушул Куланак айылынын тургуну болом 40 жаштамын.Менин  уйларыма дагы бирка басып,кан алып,ийне сайып кетти бул иш абдан жакшы деп ойлойм  анткени азыркы учурда малдар абдан көп жоголуп жатбайбы ошондуктан мал жоголсо дагы ушул биркасы аркылуу таап аласын,ал эми ийне сайып,кан алып турса малдын саламаттыгына кумөн санабай дени сак болот-дейт  Акматбек Алымкулов.

Айыл тургундардын бири жакшы десе,бири жаман дешүүдө бул макаланы окугандан кийин ойлонуп иш кылышат деген ойдобуз.

Даярдаган: Мырзайым Айдарбекова

Тренер:Ырысбай Адамалиев

сынак үчүн

20170330_191829