“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак»Ааламдан алган данк»аттуу мугалимдер арасында сынак өткөрүлдү

23 Март 2018 жыл 9:10
Көрүүлөрдүн саны: 178

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 19-март күнү Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата «Ааламдан алган данк»аттуу сынак өткөрүлдү.Сынакка ар бир топтон 12 мугалим катышышты.

Сынактын алдында жылыга салт болуп калган  Нооруз майрамынын астында мектепти аластоо каада салты менен башталды. Мектептин кол эмгек мугалими Гулмира Усукеева  быйылкы жөрөлгөнү моюнуна алып умай эне аталды.

Кагаз кармоо менен  кайсы топ биринчи чыгаары аныкталып алган соң конкурс башталды. Актовый зал толтура элге толуп, көңүлдүү өттү.

Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн усулу Бурул Орозалиева буларга токтолду.

Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата чыгармаларынын улуулугуна түбөлүктүүлүгүн даңазалоо максатында мугалимдер арасындаүч команда катышышып,  мелдеш болуп өттү. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан  жогорку деңгээлде аткара алышты.Мугалимдердин аткаруу чеберчилиги  абдан жакшы экен.

Конкурска катышкан мугалимдер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан кино кылып чагылдырып көрсөттүк.Бул киного өзүбүз тартылдык.Биздин топтун аты «Кызыл алма»чыгармасын кино кылып тарттык.Сынакка бир жумадан ашык даярданып бул сынактан I орунду алдык»- дейт  кыргыз тили мугалими Айтбүбү Абдраева.

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Чынара Балтабаева бизге сынак тууралу мындайча баяндап берди.

 

Бул сынактын программасында үч топко бөлүнгөн ар бир командада 12 катышуучу катышышты.Негизи Ч.Айтматовго арналган жалаң гана чыгармалары жөнүндө «Канткенде адам уулу адам болот»чыгармасы боюнча сахналаштырылган ценарый көргөзүлдү,музыкалык номер,өнөрүң болсо өргө чап,көркөм окуулар окулду жана ошондой эле «Ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовго таазим»деген темада мугалимдер өзүлөрү китепчелери,буклеттери жана башка макеттерин колго жасашып ошолорду жактоо болду.Баары тең мыкты даярданышыптыр,бул сынактан I  орунду «Кызыл алма»тобу,II орунду»Биринчи мугалим ал эми III орунду «Делбирим»тобу алды»-дейт  уюштуруучу Ч.Балтабаева

Автор:Дилде Шатан кызы

Сынак үчүн