“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Шаңдан элим-көркөм жерим

24 Март 2018 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны: 199

Нарын районунун Куланак айылында 21-март Нооруз майрамы,»Шаңдан элим-көркөм жерим»аттуу ыр кесе өткөрүлүп шаңдуу өттү.Бул ыр кесени Шайыр апалар тобу уюштуруп,Учкун айылынын тургундары да келип катышып кетишти.  

Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз.Андыктан Нооруз майрамында жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап,жаздын даамдары менен келген көрүүчүлөрдү ооз тийгизип  өттү.

 

Нарын районунун Куланак айылынын тургуну,Шайыр апалар тобунун мүчөсү Чынара Абдрасулова бизге ыр кесе тууралу мындайча баяндап берди.

«Урматтуу кыргыз элим бүгүнкү Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм.Жаз гүлүндөй жадырап жайнап жүрө бериңиздер.Шайыр апалар жаштарга үлгүү бололу деп,айыл элинин көңүлүн көтөрөлү деп,өз демилгебизди көтөрүп,атайын майрамга карата ыр кесе койдук.Биз бул ыр кесеге он күндөн ашык даярдандык.Буюрса биз башка дагы айылдарга концерт коёлу деген жакшы ойлорубуз бар»-дейт Чынара апа.

 

  • «Ноорузга карата Куланак айылында Шайыр апалар тобу уюштурган ыр кесе абдан жакшы өттү.Бүгүн ошо чакыруу менен келип калдык,эли да ынтымактуу экен.Бүгүн биздин ацылда дагы ушундай ыр кесе болмок,кандайдыр бир себептер менен жылдырылып калды,25-мартта биздики буюрса болот.Куланак айылынын ыр кесесине биринчи жолу келип көрдүм,аябай жакшы болду»-дейт Учкун айылынын тургуну Шааркүл апа.
  • Баардык элибизди,айылыбыздын тургундарын Нооруз майрамыныздар мн  куттуктайбыз.

Автор:Дилде Шатан кызы,Ырысбай Адамалиев

Сынак үчүн