“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Озгочо талант ээси Улук Калдарбеков

26 Март 2018 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 107

Талант-бул адамдын башка адамдарга салыштырмалуу ар кандай чойродо озгочолонгон ийгиликтерди жарата алуусу. Дал ушундай ийгиликтерди жаратуучулардын бири А. Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Улук Калдарбеков.

Улук озунун озгочо уну менен башка балдардан айырмаланат жана жыл сайын жаш таланттарга катышып ийгиликтуу орундарды камсыз кылып келет.

Каарманым учурда 11-классынын окуучусу. Келечекте белгилуу ырчы же аскер башчысы болгусу келет.

Улуктун ырга болгон шыгы 1жарым жашынан эле байкалганын айтып, апасы буларды айтып берди: «Уулубуз уйдун учунчусу. Бир эжеси, бир агасы жана карындашы бар. Бир туугандарынын арасынан жалгыз ушу балам гана ырдайт.

Ал эми уулубуздун ырга болгон жондомун
жаны басып келе жатканда эле байкаганбыз. Ошол убакта айылда Нооруз майрамы белгиленип жаткан, бир убакта колумдагы тан-тун баскан бала музыка чыкканда колдон тушуп кетип эле ырдап-бийлей баштады. Элдин баары тан калып» ой, бул кимдин баласы?»дей башташты. Ошондо анын талантына маани бере баштадык. Анан ошол кечеде 1жарым жашында биринчи жолу айыл окмотунон белек алган.

Биз чыгармачыл инсан болбогонубуз менен деле кээде той-топурларда же иш-чараларда ырдап калабыз. Балким, уулубуздун ырчылык онору каныбызда болгондуктан дагы ырдап калгандыр деп калам. Атасы болсо дээрлик бардык аспаптарда ойнойт»,-дейт апасы Эркелек Асанбекова.

Каарманыбыздын ата-энеси дагы ыр-бийге жакын адамдардан.
Ал эми атасы уулу тууралуу томондогулорго токтолду: » Улук апасынын боюнда кезинде биздин айылдык клубга Айчурок Иманалиева менен Анжелика концерт коюп келип калды. Ал учурда мен клубдун жетекчиси болчумун. Анан апасы боюндагы бала менен торт, тамак-аш жасап келген артисттерди айылдаштар коноктогонбуз. Ошондо алар ыраазы болушуп » жарыкка келе турчу наристениз ырчы уул болсун» деп бата берген.
Балким, баламдын таланттуу болушуна ушул
окуя дагы себеп болду го деп ойлоп калам»,-дейт Алмаз Асанбаев.

Улук бой жеткен сайын музыкага ото жакын болуп келе жатат. Кээде уйду жанырта ырдаганда урушуп койсок тамдын устуно чыгып алып болгон уну менен ырдап алат.

Эгерде уулубуз ырчы болом десе созсуз турдо колдойбуз. Искусство-бул адамдын руханий байлыгы да . Эн негизгиси ун, шык, жондом жана талант бар болушу керек да. Менимче Улукта бул нерсенин баары эле бар деп ойлойм»,-деп кошумчалайт апасы.

Каарманымдын жогорудагыдай онорун байкаган сон, уй-булосу аны Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып барган. Тилекке каршы, ошол учурда Улуктун мурду сынып, сынактан отпой калган. Андан сырткары кичуу бала болгондуктан дагы ата-энеси алыска жибергилери келбей койгон.

«Улук абдан аракетчил, тырышчаак жана эмгекчил бала. Мен анын музыкага жакын экенин, озгочо ыр жагынан кучтуу экенин байкап, 5классынан бери «Жаш таланттар» конкурсуна катыштырып келем. Ороондук сынактан 3 жолу биринчиликти алды. Бирок эмнегедир эле багыбыз ачылбай койду окшойт, облустан ары ото албай келе жатабыз»,-дейт музыка сабагынан берген мугалими Жумагул Омурова.

Каарманым быйыл облустук денгээлде «Жоокер ыры» аталышындагы конкурска катышып, экинчи орунду камсыз кылган.

Улук мектептин намысын коргоп, коомдук иш-чараларга да активдуу катышкандыгы учун мектеп директору тарабынан Жогорку Кенешке окуучулар менен биргеликте экскурсияга жолдомо алган.

Улуктун бардык тилектер  орундалып, келечекте белгилуу ырчылардан болуп чыгышына тилектешпиз.

Томондо каармандын жандуу ун менен ырдаган ырын уга аласыздар.

      Kaldarbekov-Uluk-Estelik
      Kaldarbekov-Uluk-Apakem

Автор: Самара Рыскелдиева

Сынак  учун