“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак жазгы талаа иштерине даяр

28 Март 2018 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны: 121

Жаз демекчи,жаз келип жер ойгонуп,адамдар баардык иштер мн  алек болуп жаткан кез эмесби,бири малын жайлоого кетирүүгө даярдап жатса мисалы койлордун жүнүн кыркып эчкилердин тыбытын тарап,бири жерин айдап эгин себүүгө камданып жаткан кез.

Бүгүн жаздын 27-күнүндө  Куланак айылында жазгы айдап себүү күнү болуп баардык техникаларды жандандырып айылдык кампага тизишти.Ага Нарын областынын акими болгон Семетей Черикбаев,айыл аймагынын башчысы Касымакун Мамырбаев,айыл өкмөттүн депутаттары болуп атайын делегация баардык техникалар менен,алардын абалдары менен жана баардык эгиндин үрөөндөрү менен таанышышты.

Ушул белгилүү дата тууралуу Учкун айыл аймагынын башчысы Касымакун Мамырбаев мындай деп өз ою менен бөлүштү.

«Быйыл жаз эрте келди мына жазгы иштер өткөн жылга салыштырмалуу 10,15күнгө эрте козголуп эрте башталып жатат буюрса эгин,тоюттарыбыз жакшы болот деген ишеничтебиз.Өткөн жылы 10-апрелде техникаларды сыноо иштери болсо быйыл 27-мартта болуп жатат  айылдагы айдоого жарактуу техникалардын баардыгы келип тизилишти.»

«Үрөөн боюнча айта кетсем,Куланак айылында азыр жалпы 75тонна үрөөн турат жана сатууга деген өзүнчө,буудайдын баасы 15сом,арпаныкы 15сомдон 20сомго чейин.Айыл эли толугу менен эгин менен камсыз болгон.»

Убакыттан пайдаланып айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каттары менен өткөн жылда жакшы эмгек көрсөткөндөрдү сыйлоо аземида болду.

Жана дагы башчыбыз техникалардын абалдары боюнчада тааныштырып кетти.

«Техникалардын абалдары ар бир адам өз кызыкчылыктары үчүн оңдошот жана азыр бул жака 10трактор келип тизилди дагы 20га жакын техникаларды ээлери ондоп жатышат баарын кыдырып чыктык»-деп кошумчалады айыл башчы.

Жазгы иштер боюнча Нарын областтынын акими дагы келип эл мн жолугушуп жана техникалар мн таанышты.

Аким тракторлорду Ч.Айтматовдун чыгармасы болгон «Эрте келген турналарга» мындай деп салыштырды:

«Турналар келгенде жерге дан түшүрүп талаа иштери башталатго ошол сыяктууле тракторлор биздин көк турналарыбыз,булардын үнү чыккан сайын элдин аң сезими ойгонуп жаздын келгени билинет «-деди аким Семетей Мырзабекович.

Жана ошондойле аким арыктарды тазалоо иштерине да кулактандырууларды айтды:

«Арык тазалабагандарга сууну бербегиле агып өтө берсин суу жана арык тазалоо иштерине баардыгыныздар катышыныздар деп айылдын жер менен болгон мамилеси жакшы экендигин баса белгиледи».

Бул иш-чарада айыл тургундары биздин топко интервью берүүдөн баш тартышкандыктан маектешүү мүмкүн болгон жок.

Бирок Куланак айылындагы кесиптик лицейдин мастери болгон Шеркул агай биздин суроолорго мындай деп жооп берди.

«Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгиленгендигине жараша жаздагы эрте келип бизди сүйүндүрүп жатат жана элибиздагы эрте кыймылдап жазга даярдыгыбыз жакшы болуп жатат,баардыгы эрте болуп жаткандыгына байланыштуу түшүмүбүзда жакшы болот деген жакшы ойлорубуз бар»- деди Жумабаев Шеркул агай

Бүгүнкү күн абдан күбанычтуу болуп жатат күн дагы ачык жылуу болуп тракторлор жүрүп,элибиздин жүздөрүндө жылмаюу тартуулаган күндөрдүн бири болсун,биздагы түшүм жакшы болот деген жакшы каалоо менен бул макалабызды жыйынтыктайбыз.

Автор:Ырысбай Адамалиев

сынак үчүн