“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Туура тамактануу келечекке жол ачат

31 Март 2018 жыл 21:25
Көрүүлөрдүн саны: 82

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 30-мартта  кош бойлуу энелердин жана эки жашка чейинки балдардын туура тамактануусу боюнча иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага айыл тургундары катышышты.

Иш-чараны долбоордун ыктыярчылары ачып беришти. 

Бул иш-чара Куланак айылынын А.Аралбаев орто мектебинде болуп өттү.

“Мен  Нарын районунун Шоро айылынан болом. Ден соолук комитетинде жетекчи болуп иштейм. “SPRING” долбооруна атайын суроо-талаптар менен өтүп, эки жылдан бери Нарын району боюнча координатор болуп иштеп келем. Бул долбоордун негизги максаты: кош бойлуу энелердин жана эки жашка чейинки балдарын туура тамактануусу.

Биз көптөгөн энелерге кантип  туура тамактануу экендиги тууралуу сабактарды өтөбүз. Витаминдүү азыктар, жалаң гана эмчек эмизүү, 6 айдан кийин кошумча тамактандыруу, аз кандуулуктун алдын алуу жөнүндө сабак өтөбүз. Төрт мезгил бою витаминдүү азыктарды сактоо тууралуу дагы сабактарды өтүп келебиз. Ар бир айылда ыктыярчыларыбыз менен иш алып барабыз. Ошолор аркылуу жамааттарга жайылтабыз. Быйыл бышыктоо ирээтинде былтыркы сабактарыбызды өтүүдөбүз.

Бул долбоор апрель, май айларында бүтөт. “SPRING” долбоорунда эки эле област иштеп жатат. Жалал-Абад облусу 2014-жылы эле баштаган, Нарын областтына 2016-жылы келген.  “USAID” фонду каржылап, 5 жылдык болуп бекип жатат. Долбоор дагы узарса экен деп жатабыз.

Бүгүнкү иш-чара жакшы деңгээлде өттү. Иш-чарага келген адамдар активдүү катышышты, суроолор берилди, кызыктуу оюндар ойнотулду”- дейт Айгүл Карыпбаева.

«Таңгабийке-Бердике бала бакчасынын тарбиялануучулары  дагы өз өнөрлөрүн тартуулап, белек алышты.

“Мен Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы “Таңгабийке-Бердике” бала бакчасында медайым болуп иштейм. Бул “SPRING” долбоорунда иштегениме эки жыл болду. Эки жыл ичинде мен көптөгөн жакшы тажрыйбаларды ала алдым.

Мисалы туура тамактануунун пирамидасын, үй шартында азык-заттарды сактоо, тамак-аштарды, пюрелерди кандай жазаш экендигин үйрөндүк. Андан сырткары ыктыярчы болуп элге таратууга көмөктөштүк. Бул долбоордо 19 ыктыярчы иштейт.  Бүгүнкү иш-чара жакшы деңгээлде өттү”- дейт Назира Төлгөташова.